Тажик өкмөтү аткаминерлердин мүлкүн жашырат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тажик президентинин алдындагы мамлекеттик кызмат агенттиги аткаминерлердин киреше-чыгашасы тууралуу маалыматты жарыялоого муктаждык жок деп билдирди. Мекеменин жетекчиси мындай чечимин "коомчулук даяр эмес" деп түшүндүргөн. Коңшу өлкөнүн мыйзамы боюнча ар бир аткаминер жыл сайын өзүнүн тапкан кирешеси тууралуу декларация тапшырышы керек.