Террорго тартылган тажик мигранттары

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын жүздөгөн жарандары террордук же экстремисттик уюмдарга эмгек миграциясында жүргөн кезинде кошулушкан. Бул тууралуу парламенттик угууда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Мансуржон Умаров билдирди.

Мансуржон Умаров тажик жарандарынын түрдүү экстремисттик уюмдардын таасиринде калып жатканын эмгек миграциясынын терс жагы катары белгиледи. Генерал жаштардын радикалдашуусуна андан тышкары диний баалуулуктарга агрессивдүү үгүттөө, мыйзамсыз иштеген жашыруун диний мектептердин көбөйүшү, социалдык тармактарда экстремисттик идеялардын таркашы алып келип жатканын айтты. Умаров "тажик интеллигенциясы жаштардын радикалдашуусуна кайдыгер калууда, эч кандай чара көрбөй жатат" деп сындады.

«Терроризмге жана экстремизмге каршы биргелешкен күрөш» деген угууга Тажикстандын бардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

- Биз күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө коркунучтарга туруштук берүүнүн жаңы жолдорун издөөнү, жаштар менен бейформал сүйлөшүп, тил табышууну сунуш кылдык. Азыркы дүйнө ылдам өзгөрүп жатат. Бүгүн жаштардын көбү тезирээк байып кетүүнү каалашат, натыйжада экстремисттердин катарына жалдаган адамдардын торуна түшүшөт, - деди «Озоди» радиосунун кабарчысына Демократиялык партиянын лидери, парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Саиджафар Исмонов.

Умаров өткөн жуманын соңунда келтирген расмий маалыматка караганда, 1 899 тажик жараны Сирия менен Иракта «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушкан же согушуп жүрөт. Буга чейин Тажикстандын бийлиги уюмга кошулгандардын саны 1 100дүн айланасында экенин айтып келген.

Генерал Умаровдун айтымында, ошол жарандардын көбү Сирия менен Иракка Түркия аркылуу өтүшкөн. Ал өлкөгө болсо Москвадан, Бишкектен, Дубайдан жана Бакудан барышкан.

Расмий маалыматка ылайык, ушу тапта Сирияда, Иракта жана Ооганстанда жүздөгөн согушкерлердин үй-бүлөлөрү кала берүүдө.

«Тажикстандык жалданма жоочулардын өлүмүнөн кийин алардын аялдары, бала-чакасы ошол өлкөлөрдө калат жана башка террордук уюмдардын идеяларына сугарылышат. Бул да өзүнчө бир мүшкүл», - деди Умаров.

Тажикстандын бийлиги Сирия менен Ирактагы куралдуу жаңжалдарга катышкан 80ден ашуун жаранды мекенине кайтарды. 1 700 тажикстандык согушкер издөөдө жүрөт. Ал эми канча тажик жараны ошол согуштарда өлгөнү белгисиз. Коопсуздук комитетинде так маалымат жок болуп чыкты.

Жазында Орусия коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников Орусиянын аймагында иш жүргүзгөн террордук уюмдардын өзөгүн Өзбекстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттары түзөөрүн айткан.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандын бир миллиондон ашык жараны Орусияга иш издеп кеткен. Башкы прокуратура Сирия менен Иракта экстремист согушкерлердин катарында согушкан тажиктердин көбү Орусияда жалданганын былтыр билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.