Мугалимдерди коркутту делгендер кармалды

Тажикстандагы мектептердин бири

Тажикстандын Рашт районундагы мектепке келген катка тиешеси бар деген шек менен бир нече адам камакка алынганы маалым болду.

Эки күн мурда ушул райондун Камароб кыштагында белгисиз адамдар аял мугалимдерге "ишке чыкпагыла, болбосо өлөсүңөр" деген кат жиберишкен.

Тажикстандын Рашт райондук милициясы 21-апрелде мектепке келген кат боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн чогултуп, мектептин төрт окуучусун суракка алды.

“Азаттыктын” тажик кызматы мектеп жетекчилиги менен байланышканда суракта окуучуларга окуя боюнча ар кандай суроолор берилгени белгилүү болду.

Окуя боюнча шектүү катары ушул эле мектептин 7-классынын окуучусу да көрсөтмө берүүдө.

Рашт районун акиминин орун басары Зумрад Лоикованын айтымында, бул факт экстремизм катары каралган жок. Жаңжал мектептин мугалимдеринин бири менен директордун ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыкканын айтат райондук бийликтин өкүлү.

Тажик окуучу кыздары

Анткен менен Лоикова шектүүлөрдүн атын атоодон баш тартып, алардын арасында мектептин мугалими, анын агасы жана кароолчу бар болгонун айтты.

Буга чейин Камароб айыл кеңешинин төрагасы Рахматжон Салимов “Азаттыктын” тажик кызматына окуя 19-апрелге караган түнү болгонун билдирген. Белгисиз адамдар мектептеги дубал гезитти жана Тажикстандын картасын айрып ыргытып, күзгүнү сындырып, мугалимдердин жана мектеп директорунун атына жазылган кат калтырышканын айтып берди:

- Катта “биз буга чейин силерге үч-төрт жолу эскерткенбиз. Силер аны аткарган жоксуңар. Бул ирет акыркы жолу эскертип атабыз. Эми аткарбасаңар өзүңөргө эле жаман болот, биз өлтүрүп да салышыбыз мүмкүн. Силер ишке чыкпашыңар керек” деп жазылган.

Калкы ашынган динчил деп эсептелген Рашт районундагы жергиликтүү мектептин мугалимдерин коркутуу коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

Бул окуя соңку жылдары рашттык аялдар билим алууга жана иштегенге көбүрөөк кызыга баштады деген бийликтин билдирүүсүнө тушташ болду.

Эмомали Рахмон рашттыктар менен жолугушууда

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, учурда Раштта миңден ашык мугалим иштейт, алардын 320сы аялдар. Райондогу 52 мектепте 23 миңден ашык окуучу билим алат, алардын жарымына жакыны кыздар.

Камароб айылынын имамы Домулло Абдукодир “Азаттык” радиосуна бул окуя анын көңүлүн чөгөргөнүн айтты:

- Соңку кездери молдолор жөнүндө көп айтышууда. Бирок мен диний мекеменин башчысы катары бул окуяга молдолордун эч тиешеси жоктугун билдирем. Күнөөлүүлөр сөзсүз аныкталып, жоопко тартылыш керек.

“Бириккен тажик оппозициясы” кыймылынын мурдагы жетекчилеринин бири Одил Олимов буга чейин Рашт районундагы уюшкан кылмыштуулук менен көрүшүү бөлүмүндө иштеген.

“Азыр Рашт аймагында кырдаал туруктуу жана эч кандай нааразы топтор жок” деген Олимовдун пикиринде бул окуяны шылтай салганга аймакта экстремисттик топтор жок.

Айрым эксперттер бул окуя Тажикстанда экстремисттик деп тыюу салынган “Салафия” агымынын кайрадан активдешип баратканынан кабар берерин айтышууда. Бирок тажик бийлиги мындай сөздөрдү четке кагууда.

Рашт районунда 2010-жылы Мулла Абдулло башында турган топ аскерий автокербенге чабуул жасаган. Анда 20дан ашык аскер кызматкери набыт кеткен. Мындай террордук кол салуу коңшу өлкөдө бир нече айга созулган экстремизмге каршы масштабдуу операциянын башталышына түрткү болгон. Анын жыйынтыгында экстремисттик топтун башында турган Али Бедаки жана Мулло Абдулло жок кылынган.