Тажик имамдары экстремизмге айыпталууда

Тажикстанда акыркы учурларда диний негизде кармоолор күчөдү. Жакында эле Согди облусунун Канибадам районунда беш имам кармалды.

“Мусулман агайындар” тобуна катышы бар деп кармалгандар өспүрүмдөрдү Сириядагы согушка азгырган деп шектелүүдө.

Атын жашыруун калтыргысы келген булак “Азаттыктын” тажик кызматына алардын ысымдарын атады: Алишер Олимов – Савр мечитинин башкы имамы, Кобил Сангинов – «Зардбед» мечитинин имам-хатиби жана анын орун басары Гуфрон Анваров, "Дехконобод" коомдук сыйынуу жайынын имам-хатиби Довуд Охунов жана "Нури ислом" мечитинде имам-хатибдик кылган Хуршед Бофаров. Азыр алардын баары Хожент шаарынын СИЗОсунда отурушат.

Булар мындан бир ай мурда дал ушул Канибадамда камалган имам-хатибдердин көрсөтмөсүнүн негизинде кармалганы айтылат. Апрелде алты имам-хатиб да “Мусулман агайындарга” тиешеси бар, бул топтун идеяларын 90-жылдардан эле жактап келишкен деп эркинен ажыратылган.

“Азаттыктын” кармалгандардын жактоочулары менен сүйлөшүү аракетинен майнап чыккан жок.

Согди облустук милиция башкармалыгынын жетекчиси Шариф Назаров 14-майда аймактагы имамдар менен жолукту. Анда 138 дин кызматкери өспүрүмдөрдү мыйзамсыз окутканы үчүн 28 миң сомони айыппулга жыгылышканын билдирди.

Канибадам райондук дин иштери бөлүмүнүн башчысы Хасан Бобошукуров кармалган имам-хатибдер мамлекетти алдап келишкенин мындайча айтты:

- Мамлекет сен үчүн бар шарттарын түзүп, имам-хатиб болууга мүмкүнчүлүк берип жатса, сен такыбалык жолунан чыгып кетсең, сөзсүз Алланын жана мыйзамдын алдында жооп бересиң. Адамдар качандыр бир күнү баары ашкереленерин унутпашы керек.

Ал эми Согди облустук дин бөлүмүнүн башчысы Сухроб Рустамов кармалгандар адилет тергелерине, күнөөлүүлөр жоопко тартыларына үмүт артарын билдирди. Ал дин иштери боюнча комитет кармалгандардын тагдыры аларга сабак болсун үчүн дин ишмерлеринин арасында түшүндүрүү иштери жүрөрүн кошумчалады.

Ошол эле учурда тажикстандык журналист Хиромон Бакозоданын оюнча, кармалгандардын соту ачык жүргөн жок. Мындан улам сот чыныгы айыптууларды соттоду деп айтуу кыйын.

- Айыпталган адамдар абдан көп учурларда күнөөсүз экенин айтып келишет. Ал адамдар өз оюн түшүндүрүп, позициясын айткыдай мүмкүнчүлүк түзүлбөй, соттор калыс өтпөй жатат. Абдан көп учурда соттор айыптаган чечим чыгарышууда. Ошон үчүн коомчулук чүнчүп, бул тууралуу ачык айтпай жатат. Ошол эле журналисттер деле буга өз пикирлерин айтып, же коомдук талкууга алып чыккысы келбейт.

Тажикстан “Мусулман агайындар” тобунун ишмердигине 2006-жылы тыюу салган. Бирок буга чейин аталган уюмга тиешелүү деп кармалгандар өтө сейрек болгон. Аталган диний-саясий топ 1928-жылы Египетте түптөлгөн. Көпчүлүк өлкөлөрдө террордук деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Ошондой эле бийлик буга чейин ишмердигине тыюу салынган салафия агымына катыштыгы бар деп ондогон адамдарды камакка алган. Соңку кезде бул кошуна өлкөдө диний негиздеги айыптоолор менен кармоолор күчөдү. Тыюу салынган диний уюмга аралашкан деген айып менен бир канча адамдар соттолду.

Human Rights Watch сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары адамдар экстремисттик иш аракеттерге барбаган күндө деле, өзгөчө диний көз карашы үчүн гана кармалып жаткан учурлар көп экенин, аларды тергөө, соттоо адилет жүрбөй жатканын белгилеп келет.