Тажисктандын президенти Эмомали Рахмондун уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомали парламенттин жогорку палатасы Сенатка мүчө болуп шайланды.
Мыйзамга ылайык, Тажикстанда парламенттин жогорку палатасынын 25 мүчөсүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлашат. Ал эми сегиз сенаторду президент өзү дайындайт. Президенттин уулунун талапкерлиги бир добуштан жактырылды.
Рустам Эмомали 30 жашында 2017-жылы Дүйшөмбү шаарынын мэрлигине дайындалган. Ага чейин Тажикстандын бажысын, Коррупцияга каршы күрөш кызматын жетектеп келген.
Саясат таануучулардын баамында, Рустам Эмомали жакында парламенттин жогорку палатасынын спикерлигине шайланышы толук ыктымал. Андай болсо ал Тажикстандагы президенттен кийинки эле экинчи адамга айланат.
2016-жылы Конституцияга президенттикке талапкерлердин жаш курагы боюнча өзгөртүүлөр киргизилип, 35тен 30 жашка чейин төмөндөтүлгөн. Эксперттер бул кадам Рустам Эмомалини мамлекет башчылыгына алып баруу максатында жасалган деп эсептешет.