Тажик бийлиги түрмөсүн оңдогону жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажик бийлиги жаза аткаруу системасын реформалоого аракеттенип жатат.

Реформа кылууга эл аралык укук коргоо уюмдарынын кийлигишүүсү себеп болду. Буга чейин тажик түрмөлөрүндө бир нече жолу кандуу жаңжалдар, адамдар ууланган фактылар болгон. Азыр тажик бийлигинде түрмөлөрдү реформалоого акча жок. Андыктан бийлик абактардагы шартты оңдоп, коопсуздук иштерин күчөтүүгө жардам сурап, донор уюмдарга кайрылды. Бирок түрмөлөрдү реформалоого канча каражат керек экенин жетекчилер өздөрү да билбейт.

Тажикстандын түрмөлөрүндө мунапыстан кийин орундун жетишсиздиги убактылуу чечилгени менен андагы шарт-жагдай оңдоого муктаж бойдон турат. Түрмө имараттары эскирген. Таза суу, жылуулук, канализация системасы туруктуу иштебейт. Абактагылар негизинен туугандары үйдөн алып келген тамак-аш менен азыктанышат. Анткени тажик бийлиги түрмөдө жаткан адамдын бир күндүк чыгымына бир долларга жакын гана акча бөлөт. Түрмөдө билим алуу, китеп окуу, өзүн өстүрүү багытындагы иш-чараларга да көңүл кош мамиле жасалат. Абактагылардын 20 пайызга жакыны гана жумуш менен камсыздалган.

Укук коргоо борборунун өкүлү Парвина Наврузова миң адамга бир гана дарыгер туура келерин айтты:

- Камералар эки кабаттуу керебеттер менен жабдылган. Биздеги түрмөлөр эл аралык талаптарга жооп бербейт. Мисалы, эл аралык стандарт боюнча түрмөдөгү бир адамга бир камерада 6 чарчы метрден кем эмес аянт болушу керек. Ал эми бизде 2-2,5 чарчы метр. Жуунуучу жана тиричилик бөлмөлөрү да талапка жооп бербейт, кир жуучу машиналар жетишпейт.

Бийлик адамдарды камаарын камап алып, аларды каржылаганга күчү жетпей отурат. Тажикстандын Жаза аткаруу кызматынын башчысы Мансуржан Умаров бул фактыны танбайт. Бирок ал маселени өз аракеттери менен чечкенге аракет кылып жатышканын билдирди:

- Биз соттолгондорду тамак-аш менен толук камсыз кыла албай жатканыбыз чын. Бирок кайсы бир өлчөмдө аларга жардам бергенге аракет кылып жатабыз. Тоок фермаларды, күнөсканаларды ачып бердик. Ушунун баары жаза өтөп жаткандар жакшыраак тамактансын деген аракет.

Бирок тажик абактарындагы эң башкы маселе - коопсуздук. Учурда соттолгондордун да, аларды кайтарып тургандардын да коопсуздук маселеси чечилбей турат. Акыркы мунапыстан кийин өлкө түрмөлөрүндө 8 миң адам калган. Анын 1,5 миңи диний экстремизм жана терроризм үчүн айыпталып камалган. Умаров негизги маселе мына ошолордон чыгып жатат деп эсептейт.

- Экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандар үгүттөө иштерин түрмөлөрдө улантпашы үчүн камера тибиндеги жаңы түрмөлөрдү куруш керек. Ал камералар бир орундуу же эки-үч орундуу болушу керек. Алардын башкалар менен байланышын мүмкүн болушунча азайтуу өтө маанилүү, - деди ал.

Түрмө реформасы долбоорунун башчысы Азамат Шамбилов түрмөлөрдө жапырт уулануу, кан төгүлгөн козголоңдор, качуу болбогондо бийлик жаза аткаруу тармагындагы көйгөйлөргө көңүл бурмак эмес деп эсептейт:

- Өзүңөр билгендей, Тажикстандын түрмөлөрүнөн качып кеткендер, кандуу козголоңдор, жапырт уулануу учурлары болгон. Ошол окуялар жаза аткаруу системасына бийликтин көңүлүн бурду. Мына ошондон кийин гана тажик бийлиги түрмөлөрдөгү шарттарды жакшыртуу багытында эл аралык коомчулук менен кызматташуу ниетин билдирди.

Жаза аткаруу системасы - Тажикстандагы эң эле жабык тармактардан. Тажик бийлиги эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылганы менен дагы эле укук коргоочуларды жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жагдай менен жакындан таанышуу үчүн түрмөлөргө киргизүүгө ашыкпай турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​