Бүгүнкү Мургаб

Тажикстан менен Кыргызстанды бөлүп турган Кызыл-Арт ашуусунан кийин кыргыздар жашаган Мургаб башталат.

Мургаб менен Алайды бул тоолор тосуп турат. 

Мургабдык аял. 

Мургабда көпчүлүк үйлөрдүн чатыры жок. Жергиликтүү эл жаан аз жаагандыктан, чатырга муктаждык жоктугун айтышат.
 

Тоо арасындагы Мургаб айылында 12 миңден ашуун калк жашайт. Анын сегиз миңден ашуунун этникалык кыргыздар түзөт.        

Мургабда жай мезгилине карабай күн суук. Үйлөр эмгиче от жагылып, жылытылат.

Жергиликтүү эл дыйканчылык жана мал менен жан багат.

Шамалдан назик жүзүн калкалаган мургабдык селкилер..         

Электр энергиясы жоктугунан жергиликтүү эл колунан келген энергия булагын колдонот. Күндөн энергия алуучу батарейка үйдү жарык кылып, кол телефондордун кубатын толтурууга күчү жетет.

Жергиликтүү тургундар.

Жергиликтүү мобилдик байланыш станциясы. Мургабдыктар интернетке кол телефондор аркылуу гана киришет. Күн батарейкалары мобилдик байланышты колдоп туруу үчүн алынган. 

Мектепке бараткан мургабдык кыз.    

Мургаб аркылуу Хорогго жүк ташыган унаалар жүрөт.