Сатып алуучулар Рамазан айында бардык касапчылар шылуун соодагерге айланып, эттин баасын көбөйтүп же сапатсыз эт сата баштайт деп даттанышууда. Ишкерлер болсо эттин баасы алардан көз каранды болбогонун, малдын баасы көтөрүлгөнүн айтышат.
Мусулмандардын ыйык Рамазан айында көпчүлүк соодагерлер дүкөнүн жаап койгондуктан бул да шаарда эттин таңсыктыгына таасирин тийгизди. Соодагерлер этти белгиленген баада сатууга болбой турганын ырасташууда. Шаар бийлиги эттин килограммы 40 сомониден (280 сомдон) ашпашы керек деп чек койгон.
33-кичирайондогу белгилүү “эт бульварында” 20дан ашык жерде эт сатылат. Бирок 8-майда ал жер “жылан сыйпалап” кеткендей эле – көпчүлүк адамдар үйлөрүнө эч нерсе албай кайтууга аргасыз болду.
Шаар тургуну Улмасхон Тошматова уйдун сулп этин көпкө издеп жүрүп таппай, акыр аягында койдун этин алмай болду.
«Уйдун эти эч жерде жок экен. Айла жок койдун этин алдым. Жыл сайын эле ушундай көрүнүш. Дайыма Рамазанда кандайдыр бир себеп таап, базарда баалар көтөрүлөт».
"Элүү адам эч нерсе албай кетти"
Эт саткан Абдушүкүр Рахимовдун күркөсү ушул күндөрү бош турат. Анын айтымында, элүүдөн ашык туруктуу кардарын колдон чыгарды. Мал базарда баалар кымбаттагандыктан эт сатып ала албай жатканын, ошондуктан жакында күркөсүн такыр эл жаап салаарын айтты. Соодагердин ырасташынча, мал базарда эттин килограммы 45 сомони болсо, бул жактан аны 40 сомониге сатууну талап кылышууда.
«Бүгүн Рудаки районундагы мал базарга барып, эч нерсе албай келдим. Биз өзүбүзгө зыян келтирип иштей албайбыз да. Бардык эт сатуучулар азыр банкрот абалында турушат. Бийлик “этти 40 сомониден кымбат сатпагыла” деп талап кылып жатышпайбы», - дейт Рахимов.
Мал базардагы сатуучулар болсо тоют кымбаттаганын, жол жана башка чыгымдар көп болгондуктан уйду же торпокту кымбатыраак сатууга мажбур экенин айтышты.
Ордо калаадагы базарлардын басымдуу бөлүгүндө уйдун эти азайып кеткенин байкоого болот. Ал эми уйдун эти сатылган күркөлөрдө узун кезек турат. Эт саткан жеке күркөлөрдүн көбү жабык турат. Учурда базар такыр эле этсиз калбасын деп, этти базар менен милдеттенмелери бар касапчылар гана сатууда.
Дагы караңыз Эт ишкердигиндеги эрегиш«Сафариён» базарында эт саткандардын аксакалы Амонуллох Жабборов буларды айтты:
«Биз күн сайын шаардык администрациянын запастарынан үч уйдун этин килограммын 40 сомониден сатабыз. Дагы 400 кило этти базардын директору камсыз кылып берет. Дагы төрт күркө бар, ал жерде күн сайын ишкерлердин эсебинен 400-420 кило эт сатабыз».
Бирок эттин мындай көлөмү да жетишсиз болууда. Көпчүлүк эт күркөлөрү жабык, ал эми сыртында “Ижарага берилет” деген жазуу илинип турат. Башка базарларда да соодагерлер күркөлөрүн жаап, бийлик талап кылган баада этти сата албай турганын айтышты.
Алармандар болсо, этти 40 сомониден саткан күркөлөр майын, сөөгүн аралаштырып салышат деп нааразы.
Дүйшөмбү шаарында эт тартыш болгондуктан, көптөр шаардын сыртынан алып келишет. Ал жакта эт кымбат болгону менен, эттин сапаты бир кыйла дурус. Көптөр ордо калаага жакын Рудаки районунун борборуна барат. Ал жакта эт 46-47 сомониге сатылат.
“Азаттыктын” кабарчысы кепке тарткан адамдардын айтымында, шаар бийлиги базардагы баа бычуу механизмине аралаша баштагандан тартып, эт тартыштыгы пайда болду. Ишкерлер этти бийлик белгилеген баада саткысы келбей, Рамазан айында күркөлөрүн жаап коюшкан. Айрым соодагерлер бийлик бааны күч менен кармап турбастан, аны башка жол менен жөнгө салып, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берсе болмок дешет.
Базар мыйзамдарыбы?
Эт – орозо кармагандар сатып алчу негизги товарлардын бири. Күн сайын эт сатып алууга дарманы жетпегендер Рамазан айында кубат болсун деп эттүү тамак жешет. Жыл сайын Тажикстанда Рамазан айында азык-түлүктүн, биринчи кезекте эттин баасы кескин көтөрүлөт.
Рамазандын алдында мэрия эт маселесин чечип, айыл чарба товарларын саткан жармаңкелерди уюштуруп, бааны бир калыпта кармап турууну убада кылган. Бирок мындай жармаңкелер да эттин баасына таасирин тийгизе алган жок.