Тажик-ооган чек арасында аткезчилер менен атышууда офицер окко учту

Тажик-ооган чек арасында. 03.12.2017

Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комитети Ооганстан менен чектеш районго кошумча аскерлерди жөнөттү. Ишембиге караган түнү оогандык аткезчилер менен кармашта бир тажик офицери окко учкан, төрт чек арачы жарадар болгон.

«Азаттык” радиосунун тажик кызматынын маалыматы боюнча, Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комитети Ооганстан менен чектеш Шамсуддин Шохин районунда (мурдагы Шура-Абад) Тажикстан аймагынан чыгып кетүүгө үлгүрбөгөн ооган аткезчилерди (контрабандачыларды) издөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги саал мурдараак Ооганстан бийликтерине нааразылык нотасын жөнөткөн. Расмий Дүйшөмбү 2-декабрга (ишембиге) караган түнү чек арада болгон куралдуу жаңжалды жакшылап териштирүүнү Кабулдан талап кылды.

Нотада айтылганына караганда, 2-декабрда кечки саат 7 чамасында оогандык куралчан 12 аткезчи Тажикстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөндө, тажик чек арачылары алардын жолун тороого аракеттенип, ортодо ок атышуу башталган. Ошондон кийин аткезчилердин айрымдары Ооганстан тарапка кайра качышкан. Мыйзам бузгандар Тахар (тажикче - Тахор) вилайетинин жашоочулары болчу, - деп айтылат министрликтин нотасында.

Кармашта Шура-Абад чек ара кошуунунун командири Хайриддин Ахтамов окко учту. Төрт тажик жоокер жарадар болду. Тажик тышкы иштер мекемеси ооган бийликтери күнөөлүүлөрдү кармоого, чек араны кайтарууну күчөтүүгө жана мындай окуялардын алдын алууга аракет көрүшөт деп ишенээрин билдирди.

Ооганстандын Тахар вилайетинин полиция башчысы Саид Каромат күнөөкөрлөрдү табууга аракеттенип жатышканын 4-декабрда айтты:

- Полиция күчтөрү, жеке мен өзүм бул окуяга өкүнүчүбүздү билдиребиз. Биз ошол адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча атайын амалдарды баштадык. Акыркы маалыматыбыз боюнча алар Шахр-и Бузург деген жерде жашырынууда.

Коопсуздук комитети кармаш учурунда 3 аткезчи жок кылынганын, аткылашуу болгон жерде 4 даана Калашников автоматы жана 33 килограмм баңгизат табылганын маалымдады.

Өткөн айда Ооганстан расмий адамдары тажик чек арачылары баңгизат аткезчилигине каршы күрөшкө жамынып алып, карапайым оогандарды өлтүрүп жатышат деп айыпташкан эле.

9-ноябрда «Пажвок» агенттигине чыккан макалада Ооганстан чек ара аскерлеринин кол башчысы Мухаммад Амон Насим жана Бадахшан аймактык кеңешинин мүчөсү Талибиддин Кадыри (Кодири) "тажик чек арачылары өз бийлигинен медаль, сыйлык алуу үчүн жайкын оогандарды атуудан баш тартышпайт", деп жазышкан.

Тажикстан бийлиги макалада айтылгандарды карандай калп деп атаган жана мындай макала эки өлкө калкы ортосунда кастыкка алып келүүдө, деп билдирген.

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин карамагына кирген Чек ара аскерлеринин маалымат катчысы Мухаммад Улугхожаевдин айтымында, ал макала 6-7-ноябрь күндөрү чек ара тилкесинде ооган аткезчилерин тажик чек арачылары байкап калып, аларга ок чыгаргандан кийин жарык көргөн.

Тажикстан чек ара кызматынын мурдагы кызматкери, биротоло өргүүдөгү (отставкадагы) майор Абдушафей Тожев адатта аткезчилер ачык куралдуу кармашка барышпайт дейт:

- Мен мындай учурду биринчи жолу көрүп жатам. Баңгизат аткезчилер адатта офицерге, аскерлерге ок ачышпайт, ачык куралдуу жаңжалга барышпайт. Из жашырып, акырын артка качууга аракеттенишет. Себеби экинчи ал жер менен баңги заттарды ташый албай калышат. Менимче, жаңы тенденция байкалып жаткандай. Аткезчилер мурункудай тынч эмес, агрессивдүү боло баштаган өңдөнөт.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын жалпы узундугу 1 миң 400 километрди түзөт. Анын көпчүлүк бөлүгү алыскы тоолуу чөлкөмдөр аркылуу өтөт. Аймак ооган апийими Борбор Азия аркылуу Орусияга, андан ары Европага тымызын ташылган «түндүк каттамдын» таманында жайгашкан.