Тажик президентинин уулу спикер болду

Тажикстан: Президент Эмомали Рахмон уулу Рустам Эмомали менен бирге.

Тажикстандын парламентин президенттин кызы башкарабы же уулу башкарабы деген суроонун тегерегиндеги талкуу акыры аягына чыкты. Эмомали Рахмондун 32 жаштагы уулу парламентке төрага болуп шайланды.

Ошентип, Рустам Эмомали өлкөдөгү экинчи адамга айланды.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали учурда 32 жашта. Ал атасы башкарган өлкөнүн баш калаасы Дүйшөмбүнүн мэрлигине 29 жашында дайындалган. 17-апрелде Тажикстандын ылдыйкы жана жогорку палаталарынын жалпы жыйыны өттү. Жыйында президенттин уулу жогорку палатанын төрагасы болуп шайланды. Аны эки палатанын бардык депутаттары жапырт колдоду. Эми 32 жаштагы Рустам Эмомали бир эле учурда Дүйшөмбү шаарын жана өлкөнүн жогорку палатасын да башкарат. Ошентип палатага «Рахмон кызын сунуш кылат, жок, уулун сунуш кылат» деген талкууларга чекит коюлду. Эми бийлик Рустам Эмомалинин колуна өтсө өлкө кандай өзгөрөт деген жаңы талкуу кызый баштады.

Тажикстандык журналист Марат Мамадшоев Эмомали Рахмон уулуна бийликти дароо эле кармата койбойт деген ойдо.

Марат Мамадшоев.

«Бул кадамдан кийин бийлик өзүнүн социалдык колдоосунан айрылышы мүмкүн, - деди ал. - Анткени бардык жетекчилик кызматтарга жалаң жакын туугандарын дайындай берүү бара-бара элди иренжитиши мүмкүн. Башкаруучу элитанын алдында Рахмондун авторитети абдан бекем. Эми Рустам да атасындай салмакка ээ болобу-жокпу, белгисиз. Аны башкаруучу элитанын башка мүчөлөрү чечет».

32ге эми толгон Рустам Эмомали Дүйшөмбү шаарынын мэрлигине дайындалганга чейин мамлекеттик бажы кызматынын башчысы, Финансы полициясынын башчысы болуп иштегенге үлгүргөн. Ал баш калаанын мэрлигине келгенден бери шаарды жакшы жагына өзгөртө алган. Ошол эле учурда калың эл үчүн Румтам Эмомали дагы эле табышмак бойдон калууда.

«Тажик коомчулугунда, жөнөкөй эл тургай интеллектуалдук катмарында да Рустам тууралуу дээрлик маалымат жок, - деди талдоочу. - Ал эч качан журналисттерге чыккан эмес. Ал бир да жолу кайсы бир маселелер боюнча өз оюн айтып, элге ачык чыга элек».

Жогорку палата ылдыйкы палата иштеп чыккан мыйзам актыларын, башкы прокурорду, Конституциялык, Жогорку жана Жогорку экономикалык сотторду бекитет.

Ал эми Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия жана Ооганстанды изилдөө борборунун директору Андрей Казанцев Тажикстанда бийлик атадан балага өтүү мүмкүнчүлүгүн эл аралык өңүттөн карап буларды айтты:

Андрей Казанцев.

«Рахмондун мураскерине Москва да, Бээжин да каршы чыкпайт. Москва узак мөөнөттүү, туруктуу мамилени каалаган менен бул маселеге азыр кийлигишпейт. Ал эми Бээжин бийликте ким отурганы ал үчүн маанилүү эмес экенин ачык айтып жатат. Кытай үчүн эң башкысы - эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдердин сакталышы. Баласын мураскор кылуу бир гана Батышка жакпашы мүмкүн. Бирок Кытайга таянган Рахмон Батыштын нааразылыгын кенебей коё алат».

Тажикстандын Баш мыйзамы боюнча президент күтүүсүз бийликтен кеткен учурда жогорку палатанын төрагасы президенттин милдетин аткарып турат. Тажикстанда келеркы президенттик шайлоо 2020-жылдын күзүндө өтөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​