Башпаанек издеген тажик журналисттери

Тажикстанда 20 журналист бийликтин басымынан жана ар кандай себептерден улам өлкөдөн чыгып кеткен.

Бул сан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болгонун Тажикстандагы аял журналисттер коалициясынын жетекчиси Мухайё Нозимова билдирди. Ал Душанбеде 3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленип жаткан жыйында буларды айтты:

- Биз башка өлкөдө жашап жаткан кесиптештерибиз менен сүйлөштүк. Алардан эмне себептен Тажикстандан чыгып кеткенин жана журналисттик ишмердүүлүгүн токтотконун сурадык. Бийликтин кысымы, сөз эркиндигинин жоктугу, массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери тарабынан колдоо болбогону, журналисттерди коргоого алган бирдиктүү институттун жоктугу жана айлык маянанын төмөндүгү сыяктуу ар кандай себептер болгон.

Фарангис Набиева – учурда Европада жашаган журналисттердин бири. Анын пикиринде бир дагы журналист өз кесибин жөндөн-жөн эле таштагысы келбейт.

- Журналистиканы ушактын жана жамандоонун аянтчасына айлантып жатканын, пикирлештериңдин калбай калганын, эркин медиалар бийликтин көзөмөлүнө өткөнүн сезип туруп сөз эркиндиги жөнүндө кеп кылууга болбойт.

Тажикстандагы аял журналисттер коалициясынын жетекчиси Мухайё Нозимова сүйлөгөн сөзүндөгү келтирилген жүйөлөр жыйындын катышуучуларынын арасында талаш жаратты. Айрымдар басма сөз өкүлдөрүнүн мекенин таштап кетишине жогоруда Нозимова санап берген жүйөлөр эмес, башка себептер дагы бар дешет. Маселен, айрым кабарчылар Тажикстандын башка жарандарындай эле жакшы жашоо издеп сыртка кетишкен.

Ушундай пикирди кармангандардын бири "Милат" гезитинин редактору Адолат Мирзо мындай дейт.

- Айрым кесиптештерибиз Тажикстандан сыртка жумуш издеп чыгып кеткени белгилүү. Алар деле миллиондогон мигрант мекендештерибиздей Орусияга нан табууга кетишкен.

Анткен менен жыйында көпчүлүк журналисттер өлкөдө бул тармакта иштөө татаалдашып баратканын белгилешти. Маселен, медиа өкүлдөрү менен мамлекеттик органдар кызматташууну каалашпайт жана маалымат каражаттары дайыма сот иштеринде утулуп келатышат. Дегеле, тажик кабарчылары өлкө ичиндеги көйгөйлөрдү жазуудан тартынып турушат.

Чет өлкөдөн башпаанек сураган басма сөз өкүлдөрүнүн саны былтыр биринчи жолу ачык айтылган. Анда онго чукул журналист деп саналганы менен аты-жөнү ачыкталган эмес. Быйыл Тажикстандагы аял журналисттер коалициясы жүргүзгөн сурамжылоодо Фарангис Набиева жана Хумайро Бахтиёр экөө гана ысымын айтууга макул болду. Башка мамлекеттерден башкалка сураган журналисттер жөнүндө толук маалымат жокко эсе.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча тизмесинде Тажикстан 139-орунда турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.