Тажикстан: Ислам партиясы күрөшүн күчөттү

Исламий оппозициянын идеяларын колдогондор көбөйгөнү айтылууда

28-февралда Тажикстанда парламенттик шайлоо өтөт. Анда азыр бийликтеги Элдик демократиялык партия жеңип, дагы беш жыл бийликке келээри алдын ала эле божомолдоно баштады. Бирок Ислам Кайра жаралуу партиясы шайлоодо кеминде "парламенттик фракция" түзгөнгө аракет кылаарын билдирди.
Шайлоого жалпысынан сегиз партия катышат. Анын жыйынтыгы азыртадан эле белгилүү дешкени менен, күтүлбөгөн жерден Ислам Кайра жаралуу партиясы алдыга озунуп чыгышы да мүмкүн экени белгиленүүдө.

Анын лидери Мухиддин Кабири келерки Мажилисте 63 орундун кеминде 10 алганга аракет кылабыз деди. Азырынча парламентте бул партиядан эки гана депутат бар.

Мухиддин Кабири ислам партиясын жетектегени менен Тажикстандагы секулярдык системаны колдойт
"Албетте, шайлоо таза өтөөрүнө көзүбүз жетпейт, - деди Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Кабири. - Биз жабык коомдо жашап жатканыбызды унутпашыбыз керек. Борбор Азияда жакын арада таза, ачык шайлоо болооруна ишенбейбиз. Бирок бул жолку шайлоо, 2005-жылдагысына караганда, бир аз болсо да акыйкатыраак өтөт го деген үмүттөбүз".

Коом пикирин иликтөө үчүн жүргүзүлгөн соңку сурамжылоолорго ылайык, шайлоодо бу партия экинчи орунга чыгышы мүмкүн. Биринчи орунду, албетте, президент Эмомали Рахмондун партиясы алат дешет.

Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясы - жалпы региондогу каттоодон өткөн жападан жалгыз исламий партия. Өлкөдө анын 35 миң мүчөсү бар, дагы миңдеген киши алардын саясатын колдойт.

Мурда буларды консервативдүүрөөк чыгыш региондор колдойт деп айтылып келген. Азыр эми президентти жактап келген региондор да ушу партияга ооп баратканы айтылууда.

Ислам кайра жаралуу партиясы 1990-жылдары түзүлгөн. Анын катарында молдолор менен динаятчылар көп. Азыр эми Кабири билимдүү жаштарды катарына кошконго аракет кылып жатат. Мисалы, бул ирет шайлоодо депутаттыкка ушул партиянын атынан ат салышып жаткандардын көбү 30-40 жаштагы интеллектуалдар, бизнесмендер менен юристтер экен.

Партиянын азыркы лидери Кабири өзү да 45 жашта. Ал партиянын жетекчилигине 2006-жылы, буга чейинки лидер Саид Абдуллохи Нуринин көзү өткөндө, келген. Буга чейинки жетекчиден айырмаланып, ал чет мамлекеттерге көп чыгат. Журналисттер менен ачык сүйлөшкөнгө дилгир. Орусча, англисче маек кура калат. Өлкөдөгү азыркы секулярдык системаны колдойт жана Тажикстанда ислам мамлекетин куруу ниети жоктугун айтат. “Биз шарияттын мыйзамы менен жашаган коомго айланышыбыз керек”, - дейт Кабири.

Зурафо Рахмони - Ислам Кайра жаралуу партиясынын атынан парламентке депутаттыкка көрсөтүлүп жаткан төрт аял-талапкердин бири: "Мен шайлоодо азыркыдай аялдарга квота бергенге каршымын. Квота чынында аялдардын шайлоого катышуусун чектеп коет. Аялдар эркектер менен бирдей каралып, бирдей атаандашышы керек. Эгер биз ошондой сынакты уюштура алсак, өз алдынча лидерликке татыктуу жүздөгөн аялдар чыкмак".

Ислам кайра жаралуу партиясынын ушундай “жаңы имиджине” карабай, азырынча Тажикстанда көптөр бу партияны “ашкере исламчыл, халифатты жактаган кыймыл” деп билет. Айрымдар партияны чет-өлкөлөрдөн, айрыкча Иран менен Сауд Арапстандан, акчалай колдоо алып турат деп күнөөлөшөт. Бирок Ислам Кайра жаралуу партиясы муну четке кагууда.

Мухиддин Кабири бийликтерге кайрылып, эгерде шайлоонун жыйынтыктары бурмаланса, эл мыйзамдардан түңүлүп, экстремизмдин күчөшүнө шарт түзүлөт деп эскертти.