Тага журтун аздектеген жазуучу

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Туура бир жыл болду, оору менен кармашып жатат. Сүлдөрү качып, эт менен сөөгү эле калыптыр. Мындан жарым айдай мурда жердештери, жакшы санаалаштары барып кабар алып келдик. Султан Раев акенин өтүнүчү боюнча усатыбызга Түрксой эл аралык уюмунун медалын тапшырдык. Негизи муну Маданият министрлиги, Жазуучулар союзу уюштурса жакшы болмок. Түздөн-түз ошолордун милдети эле да.

Жаш баладай сүйүндү. Бир чети илдеттин, бир чети рухий жалгыздыктын азабын тартып, өзү айтмакчы, "бар көргөнү төрт дубал" болуп жаткан Мирзохалим аванын кадимкидей жарпы жазылып, көңүлү көтөрүлдү. "Силердин келгениңер үчүн төбөм көккө жетип жатат!", – деди кайран киши баарыбызга ыраазылыгын айтып бүтө албай.

Сыйлыкты тапшырып жатып ар кимибиз чын ыкластан каалоо-тилектерибизди айттык. Эң мурда батыраак айыгып кетип, авабыздын баштагыдай биздин катарыбызга кошулушун, ары кадырман аксакалыбыз, ары устатыбыз катары төрүбүздүн көркү болуп жүрө беришин тиледик. Эмнегедир ошол көз ирмемде Алыкул Осмоновдун:

- Олуя табып Улукман аке дарысы,

Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада,

Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,

Өзүм ичпей ичирер элем адамга.

Дары чөптү ичирейин дегеним:

Адам деген оорукчан тура бечара, – деген саптары эсиме түштү.

Адам жазмыштын, оорунун, ажалдын алдында алсыз экендигин ойлоп каңырыгым түтөдү. Өмүрдүн октой учкулдугун, кыскалыгын эстеп сар-санаага баттым. Мирзохалим авабыздын арасат абалы, сый көрөр куракка жеткенде минтип же үйдөн жок же башкадан жок оор тагдырга дуушар болуп жатканы мени ушундай кайгылуу ойлорго түрттү.

"Кесел дөөнү да жыгытат", – деп рахматы атам айтып калчу. Чын эле корко тургандай арыктаптыр. Бирок мени Мирзохалим аванын эркинин темирдей бекемдиги, майтарылбас кайраты таң калтырды. Канча жолу барбайын, бир мертебе да көзүнө жаш алганын байкабадым. Нары барып, бери келген күндөрү да кайратынан жазбаптыр.

Дагы караңыз «Куралсыз мергендин» кумарын жазган табият

Жаш кезде чындыкты айта коём, жаза коём деп, өз мекенинен куулган диссидент жазуучу бүт өмүрүн энесинин тили – кыргыз тили үчүн арнады эле го. Анын өмүр бою кыргыз үчүн кылган кызматы, эткен эмгеги бир башпаанек алууга татыктуу эмеспи?! Мирзохалим Каримов деген аты бар, элге таанымал жазуучу картайганда, катуу ооруп төшөк тартып калганда арасатта калыптыр деген сөз тажик кошуналарга угулса уят болбойбузбу? Өзүнчө бир өлкө болуп туруп, дилин кыргызга берген урматтуу жазуучубузду асырап ала албасак, анда элдигибиз не да, өзүнчө мамлекетпиз деп мактанганыбыз не?!

Мирзохалим Каримов – тырмак алды чыгармалары менен эле кыргыз улуттук адабиятынын негиз салуучуларынын бири, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун назарына илинип, ал кишинин батасын алган, тага журтунан баар тапкан тагдыры өзгөчө жазуучу. Элдердин жана улуттардын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн 2017-жылы мамлекеттик "Даңк" медалы менен сыйланган. Ушул жылы Түрксой эл аралык уюмунун медалына татыктуу болгонун жогоруда айтып өттүк.

"Мажүрүм тал", "Кыя жолдор", "Зындан", "Кыз күйүтү" ж.б.у.с. көркөм-адабий китептери жарык көргөн. Кара-тегиндик кыргыздардын үрп-адаты, салт-санаасы, элдик оозеки чыгармачылыгы, этнографиясы, диалектилик сөздөрүнө арналган жана белгилүү инсандары тууралуу маалыматтарды камтыган "Жер жылдызы – Жерге-Тал", "Кара-Тегин", "Кара-Тегин кыргыздары" деген китептерди жазган. Кыргыздын кылымдарды карыткан нускалуу кеп-сөздөрүнөн турган "Ата-бабалар табериги" атуу көлөмдүү китепти түзгөн. Мындан тышкары тажик жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Булардын катарында Тажикстандын эл жазуучусу Фазлиддин Мухаммадиевдин Чыңгыз Айтматовго арналган "Биздин Чыңгыз" деген көлөмдүү очерки да бар. Бир нече адабий сынактардын жеңүүчүсү.

Дагы караңыз Муриватов: Чек арада чыр чыкса жүрөгүм сыздайт

Өткөн жылы өзүнүн 70 жылдык мааракесине утурлай, кыргыз адабияты менен маданиятына чын ыкластан кызыгып салым кошкон башка улут өкүлдөрү, чет жакта жашаган кыргыздардын тарыхы, маданияты, каада-салты, сыймыктуу уул-кыздары ж.б. жөнүндөгү публицистикалык баяндар, эскерүүлөр, маектер камтылган "Тарыхый тагдырлар" аттуу китеби жарык көрдү.

Жазуучунун тажик-кыргыз жаңжалына катуу жаны кейип жазган "Ок атышпай касам кыл, кыргыз-тажик урпагым! (Манас-Ата менен Санирабига-Эненин монологу)" аттуу макаласындагы төмөнкү сөздөр Манас атабыз менен Каныкей энебиздин урпактарына эле эмес, жалпы адамзатка эскертүү берип жаткансыйт:

"Бөтөн жандуулардан акыл-парасаты, тазалыгы, ыйманы менен айырмаланган адам баласы ай-ааламга ыңаалап жаралгандан көз жумганга чейин тарбияга муктаж экени эсиңерде болсун. Бири-бириңерди өгөйлөтпөй туугандык таалим-тарбияга үндөп, бири-бириңерге күйгүлө, бири-бириңдин бактыңарга сүйүнгүлө. Адамдын ичи тарыса, пейили бузулса, дилин караңгылык менен бакылдык каптаса, анда ал миңдеген, миллиондогон гектар жерге да батпайт, учу-кыйырына көз жетпеген Тынч океандын суусу да аздык кылат ага. Каниет кылуудан, шүгүрчүлүк сезиминен ажырап калат ал пенде. Эгер адамдар кең пейил, ток пейил, чыныгы бир тууган болушса, анда алар бир карыш жерге да батат, бир билек сууну да, бир тоголок данды да талашып-тартышпай ынтымактуу, сарамжалдуу бөлүшө алат".

Мирзохалим Каримов авабыз жакында жетимишке толот. Ал киши азыр турак жайга, камкордукка, жылуу сөзгө муктаж. Аксакал жазуучуга өкмөт, жалпы коомчулук көңүл бөлүп, жаңырган жылда маселеси чечилип калар деп үмүт кылып турган кезибиз.

P.S. Бүгүн эле Кара-Тегинден куш кабар келди. Мирзохалим Каримов аванын айылдаштары – Чоң-Кыргыз кыштагынын тургундары "жазуучу жердешибиз ооруп, кыйын кырдаалга туш болуптур" дешип, материалдык жардам чогулта башташыптыр. Мындай жаңылыкты угуп абдан кубандык. Жердештеринин деми менен жана көпчүлүктүн батасы тийип, устатыбыз ылайым илдеттен айыгып кетсе экен.