29-марттагы маалыматка караганда, Пакистанда таажы вирусунан (коронавирустан) улам келип чыккан COVID-19 илдетине 1571 киши кабылып, алардын 14ү набыт болгон. Булардын бардыгы тең, албетте, пакистандык эмес. Алардын арасында “Таблиг-и жамаат” уюмунун чет өлкөлөрдөн (анын ичинде Кыргызстандан да) барган мүчөлөрү да бар.
Муну Түркиядагы соңку кырдаал менен да салыштырып көрсөк болот. Бул өлкөдө таажы вирусуна чалдыккандардын арасында көптөгөн чет өлкөлүктөр да бар (ал эми Түркияда таажы вирусуна каршы амал катары колдо жасалган спирт ичимдигин ичип уугуп өлгөн ондогон түркмөнстандыктар, балким, түздөн-түз таажы вирусунун курмандыгы катары каралбаса керек; бирок алардын өмүрүн бул вируска каршы дары тууралуу сокур ишеним жана зыяндуу заттары бар жасалма ичимдик алгандыгы шексиз).
20-марттагы жума намазга утурулай, Пакистандын президенти Ариф Алви өлкө мусулмандарына кайрылып, таажы вирусу араанын ачып турган чакта жамы мечиттерге жума намазга келбестен, ар ким өз үйүндө эле намаз окуусу керек деп аларды үндөдү. Бирок дал ошол жума күнү мамлекет башчысынын тилин албастан, борбор шаар Исламабаддагы Файсал жамы мечити мурдагыдай эле котолоп келген кишилерге толуп чыкты.
Бул –– бейбаштыкпы, бийликти кенебестикпи?
Пакистандын Пенжаб аймагынын борбору Лахор шаарына жакын болгон Райвинд шаарчасында “Таблиг-и жамаат” (арапча “Жамаату т-Таблииғ”; “(Ислам динин) жайылтуу жамааты”) аттуу диний кыймылдын борбору жайгашкан.
Бул шаардын Райвинд Марказ (“Райвинд борбору”) деген аймагынан 5 чакырымдай алыстыкта “Ижтима Гах” деген жерде жыл сайын “Таблиг-и жамаат” уюмунун эң ири курултайы өтүп турат. Аны Мекеден кийин эле сунний мусулмандар көбүрөөк чогулган экинчи ири жай деп санашат экен.
Быйыл да “Таблиг-и жамаат” кыймылынын 90дой өлкөдөн келген 250 миңдей зыяратчылары “Ижтима Гах” жайында чогулуш өткөрдү. 13-мартта (үч күндөн кийин) бул жыйын таажы вирусунун коркунучуна байланыштуу эртерээк таркатылды, бирок көптөгөн чет өлкөлүктөрдү таажы вирусуна чалдыктырууга үлгүрдү.
Маселен, Райвиндден Палестинанын Газа тилкесине кайткан эки “таблигчи” өздөрү менен кошо COVID-19 илдетин өз атажуртуна ала барышты.
Бул балаадан Пакистанда жүргөн кыргызстандык “таблигчилер” да четте калышпады. Исламабаддын жамы мечитинен бир кыргызстандык дааватчыдан алааматтуу вирус табылып, анын калган 13 жердеши да Пакистандын борборунда карантинге алынды.
Эми болсо Пакистанды кезген кыргыз дааватчыларынын бири бул балакеттүү вирусту Нарын облусуна ала келгендиги билинип отурат.
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагындагы Мардан шаарындагы “таблигчилер” да расмий Исламабаддын чакырыгына кулак салбастан, жума намазга бир нече жүздөп котолоп жыйылуусун улантышкан.
Пакистандын “Экспресс Трибюн” басылмасы 28-марттагы интернеттеги кабарында Хайбер-Пахтунхва аймагында эле 176 киши таажы вирусуна чалдыккандыгы тастыкталгандыгы, алардын арасында Мардан шаарынан аймактык кеңештин депутаты Абдул Салам Африди да бар экендиги айтылат.
Бул Хайбер-Пахтунхва аймагыгында 28-марттагы жума күнкү намазга калайыкты чогултууну уланта берген жамы мечиттерде “таажы вирусуна каршы дуба” окутулгандыгы да кабарда кошумча белгиленген.
Демек, азыркы тапта деле пакистандыктардын бир даары жамы мечиттерге чогулуудан баш тартпай жатышкандыгы, мунун айынан алар таажы вирусунун коркунучуна өздөрүн жана жакындарын ыктыярдуу түрдө кептегендиги айгинеленүүдө.
Алиги “Экспресс Трибюн” басылмасы 29-марттагы кабарында ишемби күнү (28-мартта) 72 жаштагы Сардар Илйас (Ильяс; Sardar Ilyas) деген кыргызстандык ардагер майор Абботтабад шаарындагы ооруканада кайтыш болгондугун жазды.
Бул маркумдан тышкары да чет элдик 5 эркек, 5 аял учурда Абботтабадда ооруканада карантинге алынгандыгын Абботтабад райондук саламаттык сактоо кеңсесинин жетекчиси, доктор Файсал жогорудагы басылмага маалымдаган.
Маркум Сардар Илйас, алиги басылманын билдиришинче, “Таблиг-и жамааттын” Кыргызстандагы мүчөлөрүнүн бири болгон экен.
“Таблиг-и жамааттын” ишмердигине Евразиянын айрым мамлекеттеринде (маселен, Орусия менен Тажикстанда) тыюу салынган, бирок Кыргызстанда аны колдогон аткаминерлер ар кыл бийлик бутактарында бар экендиги жоромолдонуп келет.
Расмий Бишкек таажы вирусунун кооптуулугун эскертип, ар кандай коомдук жыйындарды токтотууга чакырып жаткан чакта, алатоолук “таблигчилер” жамы мечиттерге келүү ар бир момундун өз эркинде экендигин, коомду даават аркылуу таажы вирусунан натыйжалуу коруп жатышкандыгын айтып, Кыргызстандын бийлигинин чакырыктарына иш жүзүндө саботаж уюштурушкан эле.
Анан кыргызстандык бир катар мусулман зыяратчылар, умра (кичи ажылык) сапары аяктаган соң, Сауд Арабстандан Кыргызстанга кайтып келишип, ар кыл түлөөлөр аркылуу таажы вирусун айрым шаарларга жана райондорго жайылтып жиберген каргашалуу окуялардан кийин гана, кыргызстандык “таблигчи” имамдардын оозунан келмеси түшүп, секулярдык (айдыңдык) бийликтердин жамы мечиттерге жыйылбай туруу чакырыгын кыйшаюусуз кабыл алууга аргасыз болушту.
Бул кайгылуу окуяга чейин алар ал түгүл башка өлкөлөрдөгү (Кытай, Италия, ж.б.) таажы вирусуна кабылгандарды “каапырдыгы үчүн ушундай балаага кабылышты” деп таба кылууга да үлгүрүшкөн.
Ал эми “Таблиг-и жамааттын” Пакистандагы “курултайы” бүт дүйнө жүзүндө коогалаң болуп жаткандыгына карабастан уюштурулгандыгы да бул уюмдун жетекчилигинин жоопкерчиликсиздигин тастыктайт.
Кыргызстанда бир диниятчы ажы таажы вирусун “Алланын жоокери” деп атаган сыяктуу эле, анын Пакистандагы кыйыр өнөктөшү, “Руйет-и Халал” комитетинин төрагасы, муфтий Мунеб ур-Рахман (Muneeb-ur-Rehman) 27-марттагы жума намазынын алдында алааматтуу жугуштуу оорунун алкымдап турганына карабастан, жамы мечиттер өз эшигин ачык калтыра берээрин айтты жана таажы вирусун “Алла тааланын кайра түзүүлөргө чакырган эскертүүсү” деп баалады.
Демек, бишкектик Абдышүкүр молдо Нарматов жалгыз эмес экен деп гана өзүбүздү “жубата” алабыз.
Айта кетчү нерсе, Пакистанда башка да диндерге (христиан, бутпарас, индуизм, ж.б.) таандык жамааттар бар. Алардын диний жетекчилери ар кандай коомдук чогулуштарга тыюу салышты; башкача айтканда, өкмөт бийлигинин чакырыгын өз учурунда туура кабыл алып, коомчулуктун коопсуздугу маселесине олуттуу мамиле жасашты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ал эми “таблигчилерге” келсек, бул кыймыл өкүлдөрүндө “исламды өзүбүз гана туура баалайбыз жана өзүбүз гана аны таза нукта жайылта алабыз” деген өзүнө өзгөчө ишенген, демек, кыйла текебер турум үстөмдүк кылып келди. Болбосо, алар таажы вирусунун алааматынан улам Сауд Арапстан, Иран, Малайзия, Индонезия сыяктуу мусулман мамлекеттеринде жамы мечиттер убактылуу жабылгандыгы жөнүндөгү кабарларды өз маалында эске алышы керек эле да.
"Таблиг-и жамааттын" дааватчылары тууралуу коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин "Фейсбукта" жарыялаган пикири. 29.3.2020.
Пакистанда "таблигчи" жана башка исламчы саботажчыларга мындан ары кандай расмий мамиле жасалаары тууралуу бир нерсе айтыш кыйын, бирок Кыргызстандагы коомчулукта секулярдык (айдыңдык) мамлекеттин бийлигинин талаптарына баш ийбей койгон “таблигчилерди” жана алардын дааватчыл аракеттерин мыйзамга ылайык тизгиндөө чакырыктары, –– өзгөчө умра сапарынан кайткан зыяратчылардын жана Пакистандан келген дааватчылардын Меке, Медина, Райвинд, Исламабад сыяктуу шаарлардан таажы вирусуна чалдыккандыгы жөнүндөгү кабарлардан улам, –– интернеттин коомдук тармактарында жаңы күч менен айтылууда.