Сирия өкмөтү эрегешчилер тарабынан Алеппо шаарында химиялык куралдар колдонулганын териштирүүнү сурап, БУУга кайра кайрылды.
Ошол эле учурда ырасмий Дамаск өкмөттүк күчтөр Хомс шаарында химиялык курал пайдаланды деген козголоңчулардын сөзүн четке кагып, бул жакка эл аралык эксперттердин баруусуна макул болбой жатат. АКШ президенти Барак Обама болсо Сирияда массалык кыргын салчу куралдардын колдонулганы бекем далилденмейинче, кандайдыр бир бүтүм жасаганга шашпоо керектигин эскертти.
Сирия кайрадан Улуттар уюмуна кайрылып, Алеппо шаарында козголоңчулар тарабынан химиялык курал пайдаланылганын иликтөө үчүн эл аралык эксперттерди жөнөтүүнү суранды. “Сирия өкмөтү иликтөөчүлөрдүн командасын 24 сааттан да аз убакытта кабыл алганга дале даяр”, - деп кайрылды шейшемби күнү Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жафари .
Улуттар уюму Сирияга жиберген иликтөөчүлөр тобу ушу тапта Кипрде Дамаскиге жөнөп кеткенге даяр турушат. Сирия өкмөтү менен куралдуу оппозиция бирин-бири март айында Алеппо шаарында жана декабрда Хомс шаарында химиялык курал пайдаланган деп күнөөлөп келет. Бирок Сирия жетекчилиги Улуттар уюмунун инспекторлору Алепподогу чабуулду гана иликтөөсүн каалайт. Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун эки шаарда тең иликтөө жүргүзүлсүн деген бекем көз карашта. Ушундай карама-каршылыктын айынан швециялык илимпоз Аке Сельстром баштаган эл аралык эксперттер 28-апрелден бери Кипрде арсар абалда отурушат.
Башар Жафари ошондой эле козголоңчулар дүйшөмбү күнү Сириянын түндүгүндөгү Саракеб шаарында шектүү химиялык куралдарды колдонду деп маалымдады. Элчи шейшемби күнкү Улуттар уюмундагы билдирүүсүндө, өзгөчө Кошмо Штаттар менен Британияны Сириянын өкмөтүн жаман атты кылганга далалат жасоодо деп да күнөөлөдү:
- Cирия өкмөтү эгер кандайдыр бир химиялык куралга ээ болсо да, аны өз элине каршы колдонбосун Дамаскиде жана бул жерде дайыма айтып келген.
Мындан мурдаарак президент Барак Обама Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында Сирияда химиялык курал колдонулганы тууралуу далилдер АКШда бар деп, бирок аны ким пайдаланганы азырынча тактала электигин айткан. Ошондуктан анын айтымында, кыргын салчу куралдардын пайдаланылганы жүз процент ырасталмайынча, бүтүм жасаганга шашпоо керек.
Бирок Обама химиялык куралдарды колдонуу Сирия маселесин “өзгөртчү негизги фактор” болорун, кандай чара болбосун, “фактылардын гана негизинде кабыл алынарын” эске салды:
- Биз ишенимдүү, айныгыс далилдер жок туруп бүтүм жасасак, биздин аракетибизди эл аралык коомчулук колдобой коюшу мүмкүн. А түгүл региондо биз көргөн чарага каршы чыгып, оппозицияга жан тарткан кээ бир адамдар болот.
Президент Обама ушундан келип, непада Башар Асаддын өкмөтү тарабынан химиялык куралдар колдонулганы тастыкталчу болсо, кандай чара көрүүнүн түрдүү жолдорун карап көрүү жөнүндө Пентагонго тапшырма берген.