Ажал азгырган Сирия, алдаткан тажик аял

Тажикстандык Асад Халимжанов 2014-жылы Сирияга кетип, кийин согушта курман болгон.

Сириядан келини менен небересин акчага кайтарууга убада берген ортомчуга алданган тажикстандык аялдын баяны.

Тажикстандык Рахима Халимжанова Сириядан келини менен небересин кайтарып келүүгө убада берген бир түрк жаранына 6,5 миң доллар которуп, алданып калган. Акчаны алган ортомчу ошол замат дайынсыз кеткен. Азыр Рахима Тажикстандын Ички иштер министрлигинен түрк жараны Айхан Жемилоглуну табууну суранып келет.

Аялдын уулу Асад 2014-жылы Сирияга аялы менен кеткен экен. Эки жыл мурун ал согушта каза болуп калган.

- Келиним Шабнам Раккада согушкерлер кыйрагандан кийин күрд армиясынын колуна түшкөнүн, азыр баласы менен Эл-Хасака аймагындагы качкындардын лагеринде күн көрүп келе жатканын айткан. Бул лагерди Бириккен Улуттар Уюму карайт, - деп Рахима баянын баштады.

Террордук уюм катары сыпатталган "Ислам мамлекети" тобу 2014-жылы бир катар чабуулдарды уюштуруп, Эл-Хасака аймагынын бир топ бөлүгү согушкерлердин көзөмөлүнө өткөн. Калган аймактар күрддөрдүн Элдик коргонуу тобу менен өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө алынган.

2015-жылдын 21-февралында күрддөрдүн отряддары "Ислам мамлекети" террордук тобу ээлеп алган аймактарга чабуул коюп, аларга Сириянын аскердик бөлүктөрү колдоо көрсөткөн. Анда "Ислам мамлекети" тобу аймактан сүрүлүп чыгып, бейкут эл жашаган бир топ аймак согушкерлерден бошотулган.

Исфаранын тургунун алдап кеткени кабарланган түрк жаранынын паспорту.

Бирок бир жыл өтпөй күрддөрдүн Элдик коргонуу тобу менен Сирия армиясынын ортосунда чыр чыгып, эки тарап быйыл августта гана элдешкен. “Аль-Масдар” маалымат агенттигинин кабары боюнча, “Хмеймим” авиабазасында Сириянын өкмөтү менен Эл-Хасакадагы күрддөрдүн жетекчилигинин ортосундагы тынчтык келишими түзүлгөн.

Рахима Халимжанова Эл-Хасакадан байланышкан келини бир түрк жараны аларды Тажикстанга кайтарууга жардам берерин айтып, акча сураганын айтты.

- Келиним акча жөнөтпөсөк, аны өлтүрүп коюшаарын айтты. Мен ишенип, Айхан Жемилоглунун атына Түркиянын банкындагы эсебине 6,5 миң доллар жөнөттүм. Кийин Жемилоглу телефон чалып, банктан акча алганын танып кетти. Банкта болсо “акча эсептен алынган” дешет. Андан бери Жемилоглу дайынсыз. Жети айдан бери ага байланыша албай жүрөм. Мен акчаны карызга алгам. Биз үчүн бул чоң акча, - дейт Исфаранын тургуну.

Ал эми Тажикстандын Ички иштер министрлиги жарандарды Ирак менен Сириядан туугандарын кайтарууда өз алдынча аракет кылбоого чакырат.

- Тажикстандын Ички иштер министрлиги бул окуя тууралуу кабардар. Учурда түрк полициясы менен биздин жаранды алдап кеткен эркек кишинин аты-жөнүн аныктоо иштери жүрүп жатат, - деп билдирген «Азаттыктын» тажик кызматына министрликтин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали. Ал Тажикстандын Тышкы жана Ички иштер министрликтери ал жактагы аялдар менен балдарды кайтарып келиш үчүн бир катар иштерди жүргүзүп жатышканын кошумчалады.

Рахиманын келини Шабнам Халимжанова "Азаттыктын" тажик кызматы менен байланышкан. Ал качкындар лагериндеги оор шарттарга арызданып, баласы менен ооруп жатканын кабарлаган. "Тажик өкмөтүнөн бизди мекенибизге кайтарууну жалынып суранабыз",– деген Шабнам.

Ирак сотундагы тажикстандык аялдар.

Учурда Сириянын Идлиб жана Эл-Хасака аймактарындагы качкындар лагеринде 15 тажикстандык аял балдары менен жүрөт. Быйыл сентябрда Багдаддын соту тогуз тажикстандык аялды "Ислам мамлекети" тобуна мүчө болгону, топтун согушкерлери менен байланышы үчүн айыптап, соттогон. Алар 20 жылга түрмөгө кесилген. Мурунтан терроризмге айыпталган дагы төрт тажикстандык аял өлүм жазасына, ал эми 13 аял өмүрү өткүчө абакка кесилген.

Тажик өкмөтүнүн өкүлү бул соттолгон аялдардын көбүнүн жаш балдары Багдаддагы балдар үйүндө калганын кабарлайт. "Соттолгондор макулдугун беришсе, тажик бийлиги балдарды мекенге кайтарууга жардам бериши керек" дейт өз атын жашыруун калтырууну өтүнгөн мамлекеттик кызматкер.

2014-жылдан бери бир миңден ашык тажикстандык Сирия менен Иракка барып, "Ислам мамлекети" тобуна кошулган. Алардын 400дөн ашууну аялдар жана балдар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.