- Алтын айым, биз билгенден Швецияда коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин киргизилген жок. Демек, жашоо мурдагыдай эле уланып жатабы?
- Чоң өзгөрүү деле болгон жок. Анткени швециялыктар негизинен эле социалдык жактан көп адамдар менен тыгыз байланышта болгонду, көчөдө жөн эле жүрө бергенди көп жактыра беришпейт. Дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталганда эле булар бийликтин чектөөлөрүн күтпөстөн эле адептүү окуучулардай болуп обочолонуп, үйдө отуруп, тышка ашыкча чыкпаганга аракет кылып калышты. Бирок мектептер, бала бакчалар жабылган жок.
Аралыктан иштегенге мүмкүнчүлүгү жоктор жумуштарына барып-келип эле иштеп жатышат. Коомдук жайлар, кафе-ресторандар иштеп атат. Болгону массалык маалымат каражаттарынан «улгайган адамдар сактанышы керек» деген сыяктуу эскертүүлөр байма-бай берилип атат. Швецияда калктын 17%ын 65 жаштан өткөндөр түзөт экен. Ошол себептен карылар үйлөрүн жана бул жакта улгайган адамдар көп жашаган райондор бар, ошол аймактарды катуу көзөмөлгө алышты. Ошентсе да көчөлөрдө эл аз. Ал эми коомдук транспорт мурдагыдай эле жүрүп жатат.
- Сиздин эки кызыңыз мектепке барат экен. Кооптонбой эле жиберип атасызбы?
- Кооптондук, албетте. Башында эки жумадай кыздарды үйдө кармадым. Андан кийин жибердим. Эң негизгиси - «гигиеналык эрежелерди сактап, колуңарды улам жууп тургула» деп эскертип атам. Келери менен бардык кийимдерин алмаштырып, тазалап, колубуздан келгенин кылып жатабыз.
- Мындай стратегияны тандап алышынын себебин өкмөт эмне деп түшүндүрдү?
- Өкмөттүн түшүндүргөнүнө караганда биринчиден жарандардын көбү COVID-19 илдети менен оорушу керек экен. Ошондо гана иммунитет пайда болору айтылды. Бийлик илдетти жугузуп алгандардын баарына медициналык жактан жардам көрсөтө аларына ишендерди. Андан тышкары элдин дүрбөлөңгө түшүп, психологиялык жактан жабыркашын каалабай турганын билдирди.
- Өзүңүз Швециянын мындай жолду тандап алышына кандай көз караштасыз?
- Убакыт көрсөтөт го. Бир чети туурабы деп ойлойм. Анткени эл дүрбөлөңгө түшкөн жок. Баары бир калыпта жүрөт. Пандемия башталганда бир аз тынчсыздануу байкалды. Швеция карантин киргизбей, өзүнчө эксперимент өткөрүп жаткандай. Менин оюмча, шведдер өзү эле түнт калк. Кышында караңгы тез кирип, күндү аз көрүшкөндүктөн коронавирусу жок эле депрессияга түшүп кетишет. Бийлик ошондой адамдардын саламаттыгын ого бетер жабыркатып алгандан коркту окшойт деген пикирдемин.
- Жергиликтүүлөрдүн пикири кандай? «Карантин киргизилсе болмок» дегендер барбы?
- Ооба, калктын жарымы бийликтин ушундай позициясын туура деп эсептешсе, теңи «карантин киргизилсе болмок» деген ойдо. Швецияда элге жапырт деле тест жасашкан жок. Адам өз алдынча дем ала албай калганда же дене табы көтөрүлүп, катуу алсырап кеткенде гана телефон чалса алып кетип, анализ алышат. Бул оорунун белгилери ар кимде ар кандай болот турбайбы. «Балким үйүнөн эле өз алдынча айыгып кетип атышат» деген пикирдегилер да бар. Алар өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны расмий айтылгандан көп деп ойлошот. Ошондуктан «карантин киргизилсе болмок» дегендер да четтен чыгат. Мекемелердин айрымдары убактылуу жабылды. Бирок 60% иштеп атат. Ошентсе да Швецияда социалдык камсыздоо күчтүү болгондуктан, ар бир документи бар жаран үйдө отурса да каржылык колдоосуз калбайт. «Эртең ачка же жумушсуз калам» деп коркпойт.
- Ал эми документсиз же мыйзамсыз жүргөн мигранттардын абалы кандай болот? Швецияда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар да бар эмеспи? Алар иштеп эле жатышабы?
- Андай мекендештерибиз да бар. Социалдык тармактардагы тайпаларда бири-бирибизден кабар алып, байланышып турабыз. Баарынын саламаттыгы азырынча жакшы. Курулушта иштегендери бар, кыз-келиндер негизинен үй жыйнаган кызматтарда эмгектенишет. Алардын айрымдарынын иши токтоп калыптыр. Бирок ошентсе да такыр жумушсуз же ачка калгандар жок. Менимче, Швецияда эки миңдей кыргызстандык бар. «Телеграмдагы» тайпабызга 400дөй адам катталган. Баары ынтымактуу, кокус бирөө бир нерсеге муктаж болуп калса, жардамга келүүгө ар бири эле даяр.
- Алтын айым, сиз буга чейин көп жыл Италияда жашагансыз. Италия Европадагы коронавирустун очогу болуп калды. Айрымдар илдеттин жайылып кетишинин себебин италиялыктардын кулк-мүнөзүнөн көрүп жатышат. Сиз эки элди салыштыра аласызбы?
- Эки өлкөнүн эли бири-биринен аябай айырмаланат. Италиялыктар биздин кыргыздардай меймандос келишет. Бири-бириникине каттап, кучакташып көрүшүп, кофе ичип, сүйлөшүп отурганды жактырышат. Шведдер андай эмес. Жакындан таанымайынча оңой менен ачыла беришпейт. Өздөрүн оолак кармашат. Италияда мен 15 жыл жашадым. Ал жактын да саламаттык сактоо системасы күчтүү, абдан өнүккөн. Болгону өтө көп адамдын бир маалда катуу ооруп калышы башаламандык жаратып жиберди окшойт. Анын үстүнө Италияда кары-картаңдар көп. Швециянын да саламаттык сактоо тармагы мыкты. Италиянын калкы 70 миллион болсо, бул жактын калкы 10 миллиондон ашыгыраак. Швециянын экономикасы күчтүү. Карантин киргизбесе да кокустан ооругандар көбөйүп кетишинин алдын алып ооруканалардан тышкары бейтаптарды кабыл алчу чоң залдарды даярдап коюшту. Айтып өткөндөй эле шведдер эрежелерди так сакташат. Ал эми италиялыктар башында бийлик эскертип атканына карабай, көчөлөрдө көп жүрүп алышты окшойт.
- Азыр Кыргызстанда да карантиндин узартылышына нааразы болуп жаткандар бар эмеспи. Кандай деп ойлойсуз, Швециянын ыкмасы Кыргызстанга жарайт беле?
- Жок, жарабайт. Биринчиден, Кыргызстандын экономикасы чабал экени баарына белгилүү, саламаттык сактоо системасы андай эксперименттерге чыдабайт. Кокус коронавирус жайылып кетсе, ооздуктоо мындан да кыйын болуп калышы мүмкүн. Бизде гигиена да жакшы сакталбайт. Анын үстүнө кыргыздар бири-бирибизди көргөндө кучакташып-өбүшүп учурашмайын ыраазы болбойбуз да. Ошондуктан Кыргызстанда карантиндин киргизилишин туура эле көрөм.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.