Ак-Талаа: суук айылда алманын түрүн өстүргөн багбан

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Шербото Турумбеков кышы узун аймакка алма бак түптөгөн багбандардын бири. Ал айылдын четиндеги бир гектардай таштак жерди бакчага айлантып, алманын ондон ашык түрүн өстүрөт.