"Суроо көп". Журналисттер президенттин жыйынын күтөт

Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. 23-октябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун быйыл дагы жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрбөй турганы медиа чөйрөнүн талкуусун жаратты.

Ал бардык суроолорго Курултайда жооп берип жатканын жүйө келтирди. Бирок эркин медиада иштеген журналисттер президент коомго ачык болбой жатканын сынга алууда.

Алар Садыр Жапаровго узата турган суроолору бар экенин да айтып жатышат. Басма сөз жыйыны өтсө, ким кандай суроо жолдомок?

Маалымат жыйындын ордуна "Кабар" менен Курултайбы?


Садыр Жапаров алгачкы маалымат жыйынын 2020-жылы ноябрда, андан кийинкисин 2021-жылы октябрда өткөргөн. Экөөндө тең саясий, социалдык маселелер камтылган курч суроолор узатылган. Эки жылдан бери президент бир дагы басма сөз жыйынын өткөргөн жок.

16-декабрдагы Курултайда Баткенден келген делегат Сапаралы Мамадиев Садыр Жапаровдон буга эмне себеп болуп жатканына кызыккан. Эки күндөн кийин “Кабар” агенттигине Садыр Жапаровдун маеги жарыяланып, анда мындай деп айтылат:

Садыр Жапаров.

“Негизи эле курултайдан өткөн маалымат жыйын барбы? Келиңиз, мунун чын-бышыгын ортого салып, салмактап көрөлү. Маселен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыктайт экен. Албетте, мен бул жерде бардык журналисттер деп айтуудан алысмын. Өз ишин билген мыкты журналисттерибиз да бар. Бирок маалымат жыйынга келгенде эле бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган суроолорду беришет. Ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу суроолор жокко эсе. Ошентип, маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү такталбай айтылган сөздөрдү териштирүү менен өтөт экен”.

Президент кайсыл журналисттер, кандай суроолор интрига жаратып жатканын тактаган эмес. Ал эми жыл жыйынтыгын чыгарууга аянтча болуп жаткан экинчи Курултайда 128 адамга сөз берилип, алардын көбү социалдык темаларга гана токтолду. Айрымдары бийликке, президенттин өзүнө мактоо, алкоо сөздөрүн арнашты.

Дагы караңыз Курултай: Туунун тагдыры, абактан кайрылуу, кадр саясатына сын


Негизи эле Садыр Жапаров 2023-жылы бардык маселелерди камтыган, кенен видео маек курган жок. Болгону УТРКнын “Президент Жапаров” деп аталган берүүсүндө кээде суроолорго жооп берип калат. Ал эми коомдо талкуу жараткан айрым маселелер боюнча “Кабар” улуттук агенттигине текст түрүндө пикирин билдирип турат.

Медиа эксперт Асел Сооронбаева президенттин журналисттер боюнча баштапкы пикири бир топ өзгөрүп, коомго ачык болбой калганын айтууда:

Асел Сооронбаева.

“Барган сайын суроолор көбөйүп баратат. Ыңгайсыз суроолор болорун өзү да билет. Бул эми сын пикирден, жүйөлүү суроолордон качкандыктын белгиси да. Дайыма “Кабар” агенттигине, өзүнө лоялдуу мамлекеттик ЖМКларга маек куруп атат. "Азаттык" сыяктуу эркин медиаларга маек курса жакшы болмок. Президенттин “иликтөөчү журналисттер менен кызматташам” деген сөзү каякта калды? Иликтөөчү журналисттер мурда жакшы болуп, азыр начар иштеп калдыбы? Биз ишибизди мурдагыдай эле кылып жатабыз. Мен адамдын позициясы өзгөрүп, курч суроого жооп берүүгө даяр эмес деп эле кабыл алам”.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткара баштаганда, жаңы шайланып келгенде, Фейсбук баракчасына байма-бай пост жазып турчу. Кийин анын социалдык баракчасы активдүү болбой калды.

Азыр коомчулукта талкууга түшкөн кайсыл бир маселе боюнча президенттин пикирлери "Кабар" агенттигине жарыяланат. Бирок мындай маектерде курч, контрсуроолор берилбей турганы сындалып жүрөт.

Мамлекет башчы менен такай “Кабардын” директору Медер Шерметалиев баарлашат.

Медер Шерметалиев.

“Жер-жерлердеги, аймактардагы элди кызыктырган суроолор Курултайда айтылып, ага президент жооп берип жатат. Ал эми журналисттерге маалымат жыйын өтпөй турганы боюнча президент пикирин айтты. Аны биз жарыялаганбыз. Көбүнчө “Кабар” маалымат агенттиги коомдогу маселерге көз салып турабыз. Анан эң маанилүү, көпчүлүктү кызыктырган маселе болгон президенттик администрацияга кайрылып, жеке мамлекет башчынын өзүнөн маек алабыз. Берген суроолорубуз жоопсуз калбайт. Ал киши жооп берип турат. Суроолорду өзүбүз түзөбүз”, - деди Медер Шерметалиев.

Медиада узак жылдан бери иштеп жүргөн журналисттердин айтымында, мурдагы мамлекет башчылары ЖМКларга бир топ ачыгыраак болгон. Президент катышкан Кыргызстандын ичиндеги иш чараларга, чет элдик сапарларга да жоон топ журналисттер коштоп барчу. Ал жерден ыңгайын таап мамлекет башчыга суроо бергендер болгонун айтышат.

Президент Жапаров барган иш-чаралардын көбүнө эркин медианын өкүлдөрү чакырылбай, сүрөт, видеону президенттин басма сөз кызматы гана таратып жатат.

НТС телеканалынын мурдагы директору, журналист Миржан Балыбаев мындай деди:

Миржан Балыбаев.

“Эгерде маалымат жыйыны болбосо, президент журналисттер менен бетме-бет жолугуп, ар кандай суроолорго жооп берип турбаса, анда ар кандай ушак сөздөр көбөйүшү мүмкүн. Расмий маалыматтар жок учурда ар кандай маалыматтар чыга берет. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Маалымат жыйын президент коом үчүн ачык экендигинин көрүнүшү да. Буга чейин бардык эле президенттер маалымат жыйын берип келген”.

Президентке кандай суроо берет элеңиз?

Ошентип, соңку бир-эки жылдан бери журналисттерге, эркин медианын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго суроо берип калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой жатат. Журналисттердин президентке кандай суроолору болушу мүмкүн?

Мисалы, "Политклиника" медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбек президентке сөз эркиндиги, демократия тууралуу суроо бере турганын айтууда. Биз сүйлөшкөн бир нече журналист коррупция, саясий камоолор боюнча суроолору бар экенин билдиришти.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов президенттин соңку билдирүүсүнө пикирин айтып, соңунда Садыр Жапаровго кайрылды:

Али Токтакунов.

“Коомчулукта эмне болсо, журналист да ошол суроону берет. Эгерде өкмөт болбогон иш менен алектенип, тууну өзгөртөбүз, андай-мындай деген бейжай нерселерди талкууга салса, анда ошондой бейжай суроолор берилет. Бул бир. Экинчиден, мурдагы жылы, балким, бир аз тажрыйбасыз журналисттер барып калса, быйыл мыкты суроо бере турган журналисттер болушу мүмкүн. Мен силер аркылуу расмий түрдө президентке кайрылам. Жылма суроолорду узата турган “Кабарга” эле маек кура бербестен, бизге окшогон эркин медиаларга да маек курсун. Биз экономикага, социалдык жашоого, тышкы саясатка, коррупцияга байланыштуу эл арасынан чыккан суроолорду берет элек. Анан эркин журналисттердин суроолорунан, алар аркылуу элге отчёт бергенден качып жатканын түшүнбөйм. Чындап келгенде президенттин жакшы иштери да жок эмес”.

Соңку учурларда эркин медиаларга кысым болуп жатканын бир нече эл аралык жана жергиликтүү уюмдар айтып чыккан. “Азаттыктын” сайты тогуз айдай жабылган. Азыр болсо “Клооп” медиасынын сайты бөгөттөлүп турат. Мындан тышкары, иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарылган.