«Сулайман-Тоо» музей-комплекси 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.
Ага жыл сайын 100 миңге чукул зыяратчы келет.
Музейдин жалпы аянты 134 гектарды түзөт.
Ош шаарынын так ортосундагы Сулайман-Тоо кызыл килем төшөлгөн сымал гүлгө оронду. Тоонун күнгөй тарабына кызгалдактын ачканына бир апта болду. Гүл бакчага айланган тоого шаардыктар менен саякаттап келген коноктордун саны арбыды.