Ал совет бийлигинин цензуралык чектөөлөрү, талаптары, Турдакун Усубалиевдин, Апсамат Масалиевдин киного болгон мамилеси, режиссерлор Мелис Убукеевдин, Дооронбек Садырбаевдин фильмдеринин тагдыры, “Күүнүн сыры” тасмасынын өрттөлүшү, эгемендик жылдардагы кино тармагында болгон саясат ж.б. тууралуу кенен кеп кылат.
- Артык агай, совет заманында кино тартуу иши мамлекеттик бийликтин, компартиянын тыкыр көзөмөлүндө болуп, жаңы тасмалар бир нече электен өтчү деп калышат. Ушул тууралуу кыскача айтып берсеңиз?
- Cовет доорунда өкмөт маданиятка, анын ичинен киного абдан чоң көңүл бурган, маани берген, каражат бөлүп турган. Телеберүүгө караганда кинонун таасири күч эле. Эл абдан кызыгуу менен көрчү. Кино тартуучуларга талаптар абдан катуу болчу. Жаңы тасмалар Бишкектен (ал кезде Фрунзе), Москвадан бир топ электен өткөрүлчү. Кинонун идеясы жаралганда эле, анын сценарийин атайын редакциялык кеңеш, комиссиялар карап, талдаган. Аларга белгилүү киночулар, жазуучулар, сценаристтер, философтор, адабиятчылар, тарыхчылар мүчө болушчу. Комиссия жактыргандан кийин тартууга уруксат берилчү. Кино тартылып бүткөндөн кийин кайра баягы комиссия, кеңештерден өтүп, элдин көрүүсүнө уруксат берилчү. Баары чечилгенден кийин, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин катчысынын деңгээлинде дагы каралчу. Ошентсе да акыркы чечимди Москва чыгарчу.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
- Совет заманындагы Кыргызстандын жетекчилери киного кандай мамиле кылчу эле, кандай көңүл бурчу эле?
- Менимче, киного байланышкан бардык процесстер жетекчилердин көзөмөлүндө турчу. Мисалы, Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев СССРдин биринчи жетекчиси Черненконун Кыргызстанга келишине байланыштуу мен тартып жаткан документалдуу кинону бүтө электе эле көрөм деп келген. Өз сунуш-кеңештерин айтып кеткен.
- Сиз тарткан “Кайчылаш жол” фильми бүтө электе эле республиканын ал кездеги жетекчиси Апсамат Масалиев келип көрүп, өз пикирин айткан деп угуп калдым...
- Ооба, андай окуя 1986-жылы болгон. Тасма Фрунзеде, Москвада комиссия, кеңештерден өтүп, элге көрсөтүүгө уруксат берилгенден кийин А.Масалиев, өкмөт башчысы А. Жумагулов, элдик көзөмөлдөө комитетинин башчысы Минич деген чоңдорду ээрчитип келип, көрүп, ой-пикирлерин айтып, биздин түшүндүрмөбүздү угуп кеткен. Масалиев "кинодогу айрым сюжеттер Компартиянын саясатына кайчы келип калбайбы" деген оюн айткан. Жетекчилердин сунушу менен Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун айылдарына барып коюп, элдин пикирин угуп, талкуулап, жактырып келгенден кийин прокатка чыгарууга уруксат берилген.
- Мисалы, Мелис Убукеевдин “Тайгак кечүү” фильминин тагдыры оор болгон деп угуп жүрөбүз. Ал тасма эмнеси менен жакпай калган бийликке?
- Бул окуялар 1964-жылы болгон. Мелис Убукеевдин “Тайгак кечүүсү” кыргыз профессионал киносунун башаты десек болот. Ага чейинки кыргыз кинолорун Москвадан келген башка улуттагы режиссерлор тарткан. М.Убукеев “Тайгак кечүүнү” тартам деп эрдик кылган. Анткени ал кинонун темасы "Үркүн" болчу. 1916-жылдагы окуяны сөз кылууга ал кезде тыюу салынган эле. Илгери ал окуяны козгогондордун көбү атылып кеткен. Ага карабай кинону тартылып бүткөн. Кинону тартууга уруксат берүүдө Убукеевге устаты, советтик кинонун ал кездеги атактуу өкүлү, Сталиндик сыйлыктын лауреаты Герасимов чоң колдоо көрсөткөн. Ал учурда Герасимовдун айтканы эки болгон эмес. Үркүн темасын казактар, өзбектер деле тартабыз дешкен. Бирок алардыкы өткөн эмес. Ушул негизден алганда Убукеев эрдик иш кылган. Айласы кеткен бийлик “Тайгак кечүүнү” бир аз нуска менен чыгарып, бет ачарын өткөрүмүш болот. Чоң сатыкка деле кеңири чыккан жок. Ошону менен ал кино көрсөтүлгөн эмес.
- Мелис Убукеевдин “Күүнүн сыры” киносунун тагдыры да оор болуптур ээ?
- “Күүнүн сырын” жарымдап тартып калганда өндүрүшкө байланышкан маселелер чыгып калды. Бирөөлөр жазганбы, айтканбы, билбейм, Убукеев “планды аткарган жок” дешип, аркы-берки сөздөрдү чыгарышат. Акыры кино токтойт, тартпай жаап салышат. Жапмак тургай фильмдин тартылып бүткөн бөлүгүн өрттөп салышат. Өрттөбөй эле архивге алып калса кандай болот эле. Мен ал кинонун мыкты тартылган сюжеттерин көрүп калгам.
Дагы караңыз Атадан калган таберик күү
- Убукеевге каршы мамиле бийлик тарабынан болду беле же кесиптештери тарабынанбы?
- Ал жагынан, бул жагынан да болуп калды. Мелис Убукеев абдан курч киши эле, эч кимден тартынбаган, тайманбаган, жалтанбаган, өз оюн кимге болсо да түз, ачык айткан адам эле. Ошол окуядан кийин ага Кыргызстанда кино тартууга тыюу салышкан.