Сүт азыктары: Орусиянын чектөөсүнө эмне себеп?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү сүткө байланыштуу чектөөлөрдү сүйлөшүү үчүн Орусияга барды. Россельхознадзор 21-апрелде Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга тыюу салган. Мекеме кыргыз өндүрүүчүлөрү “чийки зат кайдан жана кимден алынарын, анын сапатын тастыктай албай жатат” деген доомат койду.