"Сүрөттө калган кыргыз тарыхы". Чуйков музейиндеги Үркүн элеси

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуу Үркүн деген ат менен тарыхта калган 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнө быйыл 108 жыл болду.

Учурда СССРдин эл сүрөтчүсү Семен Чуйковдун Бишкек шаарындагы үй-музейинде ошол кандуу жана кайгылуу жылдарды алгач чагылдырган сүрөтчүлөрдүн отузунчу жылдардагы эмгектеринин көргөзмөсү ачылып, иштеп жатат. Эмгектери көргөзмөгө коюлгандардын катарында Семен Чуйков, Владимир Образцов, Леонид Деймант, Сабитжан Бабажанов баштаган сүрөтчүлөр бар. Көргөзмөдөгү сүрөттөрдүн жана сүрөтчү Чуйковдун үй-музейинин таржымалы тууралуу Бишкек шаардык мемориалдык музейлер бирикмесинин жетекчиси Арман Момоханова айтып берди.