Винницадагы ракеталык соккунун кесепети. Үрөй учурган кадрлар
Украина, Винница.
Винницага урулган соккуда талкаланган шаардагы соода борбору, үйлпөт залы жана бий студиясы. Шаар фронт линиясынан жүздөгөн чакырым алыстыкта турат жана гуманитардык жардам борбору болуп эсептелет.
Винница Украинанын аскердик аба күчтөрүнүн штабы болуп эсептелет. Бирок украин бийлиги акыркы соккуда аскердик обьектилер зыян тартпаганын билдирди.
Урандылардын алдынан каза болгондордун сөөктөрүн алып чыгып жатышат. Чабуул Европа Биримдигинин расмийлери Украинадагы согуш кылмыштарын талкуулоо үчүн Гаагага чогулган учурда болду.
Талкаланган тогуз кабаттуу имарат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулду "ачык террордук акт" деп айыптады.
Үрөй учурган бул сүрөт дүйнө жүзү боюнча социалдык тармактарга кеңири тарап, нааразылык, кыжырданууну жаратты. Анда сокку учурунда чарчап калган төрт жашар Елизавета Дмитриеванын сөөгү.
Лиза тууралуу төмөнкү шилтемеде
Лизанын апасы Ирина Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда бир бутунан ажыраган. Азыр комада жатат.
Европа Биримдиги бул соккуну "жырткычтык" деп айыптады.
Чабуулда колдонулган ракетанын чачырандылары.
Винницанын тарыхы орто кылымдарга барып такалат. Согушка чейин калаада 370 миңдей киши жашачу.
Мындай үрөй учурган сүрөт-видеолорго карабай Орусия карапайым калкты атайлап бутага алганын четке кагып келатат.