Көчө китепканасы окурмандарды күтөт

Көчө китепканасында китеп карап жаткан адам

Бишкектин 6-кичи районундагы “Жаңгак токою” бакчасында көчө китепканасы эшигин ачты. Көчөгө кадимкидей эле текче орнотулуп, ага ар кандай китептер коюлган. Эс алуу багына келгендер китеп окуп, бирок аны үйүнө алып кетпеши керек. Демилгечилердин айтымында, шаар тургундары текчени өздөрүнүн окуп бүткөн китептери менен толуктап турса да болот.

21 жаштагы Бексултан Айткулов шаардагы калың бактын арасында ачылган китеп текчени атайын издеп келген экен:

- Мен быйыл Тоо кен институнун бүттүм. Фейсбукта отуруп ушул “Жаңгак токою” паркында, ачык асман алдында китепкана ачылганын окудум.Тизмеден Исхак Раззаковдун өмүр баяны тууралуу жазылган китепти көрдүм эле. Ошону издеп келдим.

Айнектен жасалган китеп текчеден өзү каалаган китепти издеп жаткан каарманыбыз сөз арасында өзүнүн теңтуштарынын китепке болгон мамилеси тууралуу да токтоло кетти:

- Чындыгында мурда деле китеп окугандар окуган, окубагандар окуган эмес. Азыр деле жаштар ошондой деп ойлойм. Туура, азыркы мезгилде социалдык тармактар көбөйүп, жаштардын көбү ошол жакта отурушат. Улуулар ушундан улам жаштардын баарын китеп окубайт деп жүрүшөт. Бирок, менимче, окугандар үйдө кечинде окушат.

Адабиятчы Улан Турдалиев да аталган өзгөчө китепкананын атын алыстан угуп, аны өз көзү менен көрүү үчүн атайын келиптир. Ал текчедеги китептерди көз кырынан өткөрүп, мындай жөрөлгө чет өлкөлөрдө кадыресе көрүнүш экенин айтып, ага кыргыз коому да көнө баштаганын кубаттады:

- Мында А. Дюма, Уолтер Лорд, Пауло Коэльо, Толстой, Бальзак сыяктуу алп авторлордун китептеринен бери турат. Өлкөнүн расмий иш-кагаздары тууралуу китеп да келип калыптыр. Кыргыз тилинин стилистикасы боюнча көнүгүүлөр да турат. Көптөгөн эле китептер бар экен. Бирок муну бир аз кеңейтиш керек да. Мүмкүн башталышында ушундай чакан болуп аткандыр. Бир жылдан кийин балким бул жерде китептер батпай калар.

Уюштуруучулар эч кандай көзөмөлсүз күнү-түнү иштеген китепкана коомчулук тарабынан байытылып турат деп үмүттөнүшөт. Ошол тегеректе жашаган тургундардын бири Мурапы Байгазиева бул текчеге жакында өзүнүн үйүндөгү китептерди алып келип кошууну көздөп жатканын айтты:

- Бул эң жакшы көрүнүш. Мында эс алып жүргөн адамдар жок дегенде бир, эки барак окуп койгону эле эң сонун эмеспи. Жаштарга зор таасир берет. Улгайган адамдар үчүн деле жакшы. Мен дагы үйдөн анча-мынча китеп алып келип коюп койсомбу деп ойлоп койдум эле. Мен өзүм Политехникалык институтта мугалим болуп иштегендиктен үйүмдү көбүнчө техникалык илимдерге байланыштуу китептер бар. Көркөм адабият деле бар. Аларды караштырып алып келип коеюн деп атам.

Буга чейин мындай китепкана Ош шаарындагы “Алымбек датка” этнографиялык эс алуу багында да ачылган. Көчө китепканасын уюштуруп жаткан “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Элдос Шерматов долбоордун максаты – тургундар арасында китеп окууга кызыгууну арттыруу болгонун белгилеп, бул аракет жыл башынан бери башталып, акырындап нукка түшүп келатканын айта кетти:

- Биринчи жолу февраль айында Оштогу “Алымбек датка” эс алуу багындагы орундуктарга жөн гана китептерди коюп койчу элек. Эртеси күнү келип эмне болду экен деп карайбыз. Бирок, тилекке каршы, таппай калабыз. Көрсө орундукта турган китептерди көчө шыпыргандар жыйнап кетет экен. Эртеси дагы алып барып коебуз. Башында эл коюлган китептерди алып кетип калып атты. Анан калса кар жаап, жамгыр жаап китептердин эскирип, жыртылгандары болду. Анан жамгыр тийбегидей кылып айнек текчелерге кое баштадык. Азыр Ошто да, Бишкекте да турат. Башында эл шкафыңар менен көтөрүп кетет дешкендер болгон. Үч айдан бери андай боло элек. Биз ушуга кубана баштадык.

Шерматов эми мындай китепканаларды Бишкек шаарынын бир канча жерине жана өлкөнүн башка шаарларына ачуу да пландалып жатканын кошумчалады.

Көчө китепканасы бекер, күнү-түнү иштейт. Учурда Бишкекте жана Ошто орнотулган ачык асман алдындагы китепканада дүйнөлүк жана улуттук адабият өкүлдөрүнүн чыгармалары биригип, жалпы жонунан жүздөй китеп турат.