ТИМдин талкууга түшкөн «эксперименти»

Тышкы иштер министрлиги.

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп бул тармакта мурда иштебеген Нуржан Бардинованын дайындалганын айрым дипломаттар сындап чыгышты.

Алар Кыргызстандын тышкы саясатын жүргүзүүчү мекемеге кадрлар кылдат тандалышы керек деген жүйө келтиришти.

Tышкы иштер министрлигиндеги жаңы дайындоого парламенттин 13-февралдагы жыйынында да сын айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кийинки убакта ага дипломаттар кайрылып, Тышкы иштер министрлигиндеги жөнү жок дайындоолорго тынчсыздануусун билдирип жатканын айтты:

«Тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан кадрдык алешемдикке көңүл бурууга чакырам. Дипломаттар кайрылып, «мындай эч качан болгон эмес» деп жатышат. Мисалы, архивариус кызмат орунуна талаптар атайын бирөө үчүн жазылгандай. Ал жакта түрк тили талап кылынат экен. Эмнеге? Статс-катчылыкка кесиби дипломат эмес адамды алып келишти».

Мурда-кийин дипломатиялык тармакта иштебеген Нуржан Бардинованын дайындалышын сындагандар Тышкы иштер министрлиги мамлекеттин сырткы саясатын аныктай тургандыгын эске салышты.

Алар ТИМ өлкөнүн аброюн көтөргөн маанилүү орган экенин белгилешип, ага бул тармакта бир да күн иштебеген адистердин келишине нааразы болушууда.

Алардын бири - дипломат Авазбек Атаханов «Фейсбуктагы» баракчасына минтип жазды.

«Айрымдар бул жерде "статс-катчылык - административдик-техникалык кызмат жана ага юридикалык билим болсо жетиштүү" деп жазып жатышат. Балким премьер-министрге ошентип түшүндүрүп жатышкандыр? Бирок андай эмес, министр жок кезде статс-катчынын кол коюп чечим кабыл алууга укугу бар. Андыктан өкмөттүн жаңы статс-катчылыкка дайындоосуна өкүнүп, премьер-министрге таң калдым. Жогорку жакта отургандар эмне кылып жатканын түшүнбөй жатабы деген ойго жетелейт».

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчылыгына дайындалган Нуржан Бардинованын «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин сайтындагы резюмесине ылайык, ал алгач Ош мамлекеттик университетинде орус тили жана адабият факультетин аяктап, кийин Кыргыз улуттук университетинде кадр даярдоо кафедрасында укуктук багытта билим алган.

Буга чейин мугалим болуп иштеген жана социалдык багыттагы мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Канча тил билери белгисиз.

Нуржан Бардинова өзүнө карата жогоруда айтылган сын-пикирлерге кыскача жооп берди:

Нуржан Бардинова.

«Статс-катчылык - бул административдик мамлекеттик кызмат. Каржы, бюджет, кадр маселеси менен алектенет. Спорт агенттигинде 12 жыл статс-катчы болуп иштедим. Статс-катчылыктын өзүнүн мыйзам чегинде милдеттери бар. Ошонун чегинде иштейбиз».

Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова Тышкы иштер министрлигинде гана эмес, башка мамлекеттик органдарда да статс-катчы кызматы толук калыптанбай жатканын белгиледи.

Дипломат Тышкы иштер министрлигине сырттан кадр алып келүү тажрыйбасына мындай пикирин билдирди:

Бактыгүл Каламбекова.

«Административдик иштер, кадр, финансылык, чарбалык, укуктук, социалдык маселелер статс-катчынын карамагында. Мындан сырткары саясий департаменттердин бири берилчү. Тил билбесе, КМШ тармагын берчү. Жаңы дайындалган кишини тааныбайм. Бул эксперимент болуп жатат. Анын ийгиликтүү ишке ашып кетишин каалайм. Бирок ошол тармакта көп жыл иштеген киши катары мындай эксперименттер көбөйүп жатканына тынчсыздануумду билдирем».

Кадр кызматындагы мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш мамлекеттик органдардагы статс-катчылык орундарга талапкерди сынак аркылуу тандап, өкмөт башчыга сунуш кылат. Өкмөт башчы мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугун эске алуу менен бекитет.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков мурда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы болуп иштеген Нуржан Бардинованы мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин макулдугу менен өз мекемесине ротация кылууну өкмөт башчыга сунуш кылган. Кадр кызматынын маалыматында бул кызмат ордуна Бардиновадан башка эки киши сынакка катышып, алар электен өтпөй калган.

Статс-катчы жогорку административдик мамлекеттик кызмат болуп саналат.

Акыркы убакта, айрыкча АКШнын Кыргызстанга визалык чектөө киргизгенине байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин дарегине сын жана доомат күч алды. Айрым дипломаттар Кыргызстандын тышкы саясий мекемесин «өлкөнүн көп багыттуу саясатын жөнгө сала албай жатат» деп сындашкан.

Ага чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине саясатчы Азимбек Бекназаровдун дайындалышы талкуу жараткан. Көпчүлүк байкоочулар эл аралык мамиледе тажрыйбасы жок адамдар кандайча элчи болуп дайындалып жатканы тууралуу суроо коюшкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​