1928-1937: Эл эсиндеги элита өкүлдөрү жана сталиндик талоон

Оренбургга сүргүнгө айдалган кыргыз байларынын бир тобу. 1929. Ж.С.Бөтөнөев сунуштаган архивдик сүрөт.

1920-30-жылдары кыргыз коому саясий жактан экиге жасалма жиктелген кезеңде сталиндик режим тарабынан куугунтукталып, мүлкү таланып, сүргүндөлүп запкы чеккен инсандар тууралуу тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөевдин кезектеги макаласы.

XIX кылымдын аягы – XX кылымдын 20-30-жылдары Кыргызстандын азыркы Кара-Кулжа, Куршаб, Алай райондору кирген өрөөндөрдөн өзүнүн эле уруусунун эмес, ал өрөөндөрдөгү бүтүндөй уруулардын, керек болсо кыргыз элинин, улуттун тагдырын ойлогон нечендеген “эл жакшылары” чыккан.

Алардын арасында Эгемберди бий (Коо-Чаты айылынан), Жаныгул бий, Кулаш бий, Ибирайим бий (Күйөө-Таш айылынан), Абдылда бий (Ой-Тал айылынан), Асран бий (Көк-Арт айылынан), Жусу казы (Кайың-Талаа айылынан), Түлөкө казы (Коо-Чаты айылынан), Бекташ казы (Күйөө-Таш айылынан), Бердике бий, Абдымомун бий, Шааке бий, Полот бий, Сулайман бий, Баргы бий, Солто бий, Калыгул бий, Улар бий, Жапар бий, Кутулмуш бий, Рамазан бий, Жусупбай казы, Мати миң башы, Чоко бий Сасыев, молдо Кувак Тажибаев, Маткасым Асанов, молдо Нурмат Ишев, Молдо Кайып ж.б.у.с. улуу инсандарыбыз өткөнү баарыбызга эле маалым эмес.

Алар өз кезинде эл үчүн эбегейсиз эмгектерди жасагандыгы үчүн бүгүнкү күнгө чейин архивдик булактардан кездешпесе да, элдин эсинде сакталып, ооздон-оозго легенда болуп айтылып келе жатышы тарыхчыларды алар туурасында илимий иликтөөлөрдү токтоосуз жүргүзүүгө шыктандырбай койбойт.

Бүгүнкү күндөгү тарыхчылардын бирден-бир милдети - бул эл арасындагы маалыматтарды топтоо, алардын үстүнөн илимий иликтөөлөрдү жүргүзүү болушу керек деп эсептейм. Антпесек, өткөн тарыхыбыздын жазылбай калган, бирок оозеки маалыматта сакталып калган барактарын айтып бере турган улуу муундун өкүлдөрү барган сайын азайып жатышат.

Ал эми азыркы жана келечектеги жаш муундарыбыз, эгерде биз бул оозеки маалыматты жазып калтырбасак, анан калса, буларды же китептен окуп таппай, же бул инсандар туурасында айтчу сөздү биз билбей турсак, анда алардын арбагы жана тарых бизди кечирбейт. Жогоруда аттары аталган инсандарыбыздын ар биринин эл-жери үчүн кылган эмгектери ат көтөргүс десек жаңылышпайбыз.

Бирок, мына ошондой эмгеги баа жеткис, али күнгө чейин элдин эсинде жашаган инсандарыбыз антисоветтик элементтер катары табылып, дээрлик жапырт бай-манап катары сүргөндөлүп жана кулакка тартылган.

Эми алардын айрымдарынын чарбасы кантип тонолуп, өздөрү кантип “тап душманы” катары жазалангандыгы туурасында архивдик маалыматтарга ылайык кеп кылсак.

1920-жылдары Ош кантонунун Алай-Гүлчө районунун Ой-Тал айылдык кеңешинде жашаган (азыр бул айыл Кара-Кулжа районуна карайт) Түлөкө казы Кожомбердиевди антисоветтик элемент катарында кулакка тартаарда анын 1 курулушун (100 рубль), 2 боз үйүн (550 рубль), 3 килемин (220 рубль), 1 паласын (20 рубль), 5 атын (900 рубль), 3 төөсүн (450 рубль), 4 букасын (230 рубль), 6 уюн (280 рубль), 4 торпогун (40 рубль), 212 коюн (2756 рубль), 41 жылкысын (3200 рубль), 19 танап айдоо жерин ж.б. мүлкүн конфискациялашкан.

Ж.Бөтөнөев тапкан архивдик даректер "Доор аяны" сыналгы берүүсүндө.

Ушул эле Алай-Гүлчө районунун Алай-Куу – Ой-Тал айылдык кеңешинде жашаган Кулаш бий Жаныгуловдун 1 үйүн (600 рубль), 1 паласын (50 рубль), 85 коюн (1105 рубль), 3 төөсүн (430 рубль), 2 уюн (120 рубль), 4 букасын (320 рубль), 41 атын (3440 рубль), 1000 кг. үрөөнүн (75 рубль), 20 танап жерин ж.б. мүлкүн Кеңеш бийлиги конфискациялап алган.

Ал эми, Өзгөн районунун Алай-Куу айылдык кенешинде жашаган (азыр бул айыл Кара-Кулжа районуна карайт) Бекташ казы Кыдыршаевдин 2 төөсүн (270 рубль), 2 букасын (220 рубль), 4 уюн (60 рубль), 12 атын (840 рубль), 1 бээсин (100 рубль), 6 танап жерин ж.б. мүлкүн болшевиктер бийлиги мамлекетке конфискациялап алган.

Түлөкө казы Кожомбердиевдин жалпы суммасы 7 591 рублдик, Кулаш бий Жаныгуловдун 6 455 рублдик мал-мүлктөрү Кеңеш бийлиги тарабынан конфискацияланып алынып, алардан алынган мал-мүлктөрдүн негизинде 22-февралда “Кызыл-Чегара” айыл-чарба артелин түзүшкөн.

Мындан сырткары, молдо Кувак Тажиевдин жалпы 100 танап жери конфискацияланса, анын 20 танабы Секелек жана 80 танабы Кара-Кулжа айылынан болгон. Конфискацияланган мүлк 6 аттан, 3 букадан, 1 коргондон, 1 кыргыз үйдөн, 1 уй, 1 жылкы, 1 сандык ж.б.у.с. болуп, жалпы суммасы 1 549 рублди түзөт. Таджиев молдо Кувактын конфискацияланган мал-мүлкү “Жашоо” деген айыл-чарба артелине өткөрүлүп берилген.

Ал эми Өзгөн районунун Кара-Кочкор айылында жашаган (азыр бул айыл Кара-Кулжа районуна карайт) Маткасым Асановдун 500 рублдик 1 үйү, 10 рублдик 1 керебети, 1 115 рублдик 15 аты, 9 баш ири мүйүздүү малы, 1 кыргыз үйү, 1 бет жуугучу ж.б., жалпы суммасы 2 089 рублдик мал-мүлкү конфискацияланып алынган. Анын Адыр-Кыштактагы жери ошол жердеги артелдеги кедейлерге өткөрүлүп берилген.

1929-жылы Ош кантонунан кулакка тартылган 7 бай-манаптын жалпы суммасы 67 957 рубль 50 тыйындык мал-мүлкү конфискацияланган: 22 860 рублдик 302 ат, 6 858 рублдик 159 ири мүйүздүү мал, 1 820 рублдик 14 төө, 25 789 рублдик 1 950 кой-эчки, 933 рублдик 25 уй, 6 735 рублдик 34 ар кандай курулуш, 91 рублдик 6 эшек, 158 танап жер, 30 рублдик 1 тикме машина, 155 рубль 50 тыйындык 25 ар түрдүү айыл-чарба шаймандары, 115 рублдик 8 кийим ж.б. алынган.

Мына ушул жогоруда аты аталган 7 бай-манаптан сырткары Алай районунун Сары-Булак айылдык кеңешинин жашоочусу Мати миң башы Алимбеков, Өзгөн районунан Юсупбай казы (Жусупбай) Баймырзаев болшевиктик бийликтин коопсуздук кызматкерлери (ОГПУ) тарабынан камакка алынып, мурдагы 12 манапка кошулуп, алыскы Оренбург шаарына сүргүнгө айдалышкан.

Эми мындай тарыхый фактыларды, эл оозунда али күнгө чейин айтылып келген окуяларды айта турган болсок абдан эле көп.

Мына ошого карабастан, жогоруда аттары аталган айрым инсандардын кулакка тартылгандан кийинки тагдырлары чындыгында табышмак бойдон келет.

Мисалы, Түлөкө казы Кожомбердиевди кулакка тартканда уулу Калпет дагы Оренбург шаарына айдалган. Анын айтуусунда, атасы Түлөкө казы Оренбургдан өзүнүн туулуп-өскөн жерине кайтып келе жатып, азыркы Өзгөн районуна келгенде каза болуп, райондун борборундагы Тынчтык багына сөөгү коюлган деп жоромол кылышчу деп эскерет. Ал эми Бекташ казы Кыдыршаев 1935-жылы азыркы Кара-Суу районундагы темир жол станциясына келип түшкөнүн көргөн кишилер болгон деген оозеки маалыматтар бар.

Бекташ казы деле, Түлөкө казы, Жусу казылар сыяктуу эле кулакка тартылгандан кийин кайрадан туулуп-өскөн кичи мекендерине жетишкен эмес.

Сооронбай Жусуев (1925-2016).

Кыргыз Республикасынын Баатыры, чыгаан акын Сооронбай Жусуевдин (1925-2016) айтуусу боюнча, анын атасы Жусу Алай-Куу өрөөнүндөгү белгилүү казылардын бири болгон.

“Атам Жусуну антисоветтик элемент катарында кулак деп эсептеп, Алай-Гүлчө районунун борборуна алып келип убактылуу кармап, кийин Ош шаарындагы түрмөгө которуп, 1932-1933-жылдарга чейин камайт. Түрмөдөн бошотоору менен жөө-жалаңдап туулуп өскөн жери Алай-Кууну көздөй бет алат. Бирок, тилекке каршы, Алай-Кууга жете албай, Кара-Кулжадагы Түшүнүк деген айылда Таши деген таанышынын үйүндө убактылуу туруп калат дагы, көп өтпөй эле ошол жерде каза болот. Ошондо мен сегиз жашаар бала элем. Ошол күндөр али күнчө эсимден кетпейт”, - деп Жусу казынын уулу, залкар акын Сооронбай өз атасын өкүт менен эскерген.

Мындай аянычтуу жазмыш тагдырын сагаалаган эстен кеткис тагдырлар миңдеп саналат.

1929-жылдын 29-сентябрында Кыргыз АССРинен сырткары (Оренбург жана башка аймактарга) көчүрүлө турган 44 бай-манаптын тизмеси такталып, ал төмөндөгүдөй “жашыруун” документ катары сакталган.

(Жадыбалдагы тизме кыскартылып берилди)

(Жашыруун).

Кыргыз АССРинен көчүрүлүп салына турган бай-манаптардын

тизмеси

1929-жылдын 29-сентябры.

Ош кантону боюнча

1

Сасыев Чокобий

Алай-Гүлчө району

2

Ишев Мулла Нурмат

Алай-Гүлчө району

3

Жаныгулов Кулашбий

Алай-Гүлчө району

4

Хожамбердыев Тулейке Казы

Алай-Гүлчө району

5

Кыдыршаев Бекташ

Алай-Гүлчө району (чек арадан сырткары жашырынып жүрөт)

6

Асанов Маткасым

Өзгөн району

7

Тажибаев Мулла Кувак

Өзгөн району

Жалал-Абат кантону боюнча

8

Койчуманов Чоноуз бий

Жалал–Абат району

9

Ишхожаев Айдархан

Жалал–Абат району

10

Шовруков Байгазы

Кетмен-Төбө району

11

Чанчаров Нарбай

Кызыл-Жар району

12

Чиндавлетов Каратай

Кызыл-Жар району

Анык: Бирдиктүү мамлекеттик саясий башкармалыктын (ОГПУ) жергиликтүү атайын өкүлү: Ивашев.

Мына ушул жогорудагы “жашыруун” деп аталган тизмедеги адамдардын ар биринин мал-мүлкү мамлекетке мыйзамсыз түрдө күч колдонуу жолдору менен тартылып алынган.

Жогорудагы берилген маалыматтар Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен (21-фонд, 16-жазуу, 98-сактоо бирдиги, 182-183-барактар) жана маркум айдыңыбыз, Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар акын Сооронбай Жусуевдин өз оозунан жана айрым айылдардагы куйма кулак аксакалдардан жазылып алынды.

Бул маселелерди жаңыча изилдөө жаатында бүгүнкү тарыхчылар жана башка иликтөөчүлөр үчүн эбегейсиз чоң аймактагы дыңдын чети да оюла элек.

Жыйынтыктап айта турган болсок, совет бийлигинин кулакка тартуу саясаты, чындыгында, акыйкатсыз, күч колдонуп мажбурлоо жолдору менен жүргүзүлгөнүн мындай койолу (муну түшүнүү үчүн өз элинин экономикасын өнүктүрүүгө жана калкын багууга салым кошуп жаткан азыркы бай жана иштерман ишкерлерди капысынан негизсиз жана жазыксыз сүргүнгө айдап, байлыгын тартып алуу тууралуу бир саамга эле элестетип көрсөк болот), керек болсо, ар бир элдин, улуттун элиталарын “бай болгонсуң” деп айыптап, Ата-Мекендеринен ажыратып, алыскы аймактарга сүргүнгө айдоо – ошол улуттун тамырларынын бирине балта чабуу далаалаты катары бааланышы керек деп санайбыз.

Жолдошбек Советбек уулу Бөтөнөев,

ОшМУнун кафедра башчысы, доцент,

тарых илимдеринин кандидаты.