Спорт өзгөчө адамдарды бириктирди

Мелдештин ачылуу аземи. 

30га жакын кыз-келин төрт командага бөлүнүп волейболдон күч сынашты.

Көрүүсү начар адамдар шахматтан күч сынашты.

Командалардын оюн алдындагы саламдашуусу. 

Мелдеште мыкты оюн көрсөтүп, өзгөчөлөнгөн оюнчуларга атайын сыйлыктар ыйгарылды. 

Мелдештин максаты майыптыгы бар адамдарды сергек жашоого тартуу.

Ушул тапта Кыргызстанда майыптыгы бар 196 400 ашуун адам катталган. Анын ичинен 30 миңден ашууну жашы 18ге толо электер. Майыптыгы бар адамдарга ай сайын 3000 сомдон 6000 сомго чейинки жөлөк пул төлөнөт. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын орто эсеп менен майыптыгы бар 2,5 миңдей адам каттоого алынат.

Бишкекте көрүүсү жана угуусу начар адамдар арасында волейбол жана шахматтан жаңы жылдык мелдеш өттү. Волейболдон мелдеште кыз-келиндер жана эркектерден түзүлгөн сегиз команда күч сынашты.