Сөз дайра: Көлөкөңдү кууба

Ноорузда бийлеген кыздар. 21-март, 2019-жыл. (Архивдеги сүрөт)

Сөз дайра берүүсүнүн бул чыгарылышында куу, куур деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Мына ушундай макал бар. Амалкөй, жаман жагына кууланган адамдарды «куу киши экен» же «чычканга кебек алдырбаган куу неме экен», «куулугу башынан ашкан киши экен» деп айтышкан. Мындан улам уламыш менен жомоктордо адамдарды алдаган «куу түлкү», «куу өрдөк», «куу кулжа» дегендер болгон.

***

Экинчи мааниси - ак куу, ала куу. Булар канаттуу куштардын түрлөрү.

***

Үчүнчүсү - өңдү, түстү, жүздү, бетти айтат. «Актыгың көлдүн куусундай» дейт. «Куу мурут» дейт. «Куу сакал» дейт. «Куу иңген» дейт. «Куу бугу» дейт. «Көкүлүн көк шайы менен бууду эми, куйругун куу шайы менен бууду эми» дейт. «Жүзүңүз купкуу болуп кетиптир» дейт. «Самандай саргарып, чөптөй куу болгон кездер да артта калды» дейт.

***

«Куу» сөзүнүн төртүнчү мааниси - кургап калган нерселерге айтылат. «Куу сөөк» дейт. «Куу карагай» дейт. «Куу тезек» дейт. «Куу талаа» дейт. «Куу какыр» дейт. «Куу шыйрак» деп коет. «Куу баш» деп коет. «Дүйнөдөн куу баш өттү» деген, дүйнөдөн туяксыз, тукумсуз өттү» дегенди билдирет. Өтө жакыр, жарды үй-бүлөлөрдү «куу кедейлер» дешкен. «Куу чирен» деген өтө эле кербезденген, ашкере текеберленген, бирок деңгээли тайыз кишилерди айткан. «Куу камчы», куу казан неме экен» десе, сараң, колунан жакшылык келбеген, бирөөлөргө жакшылык кылгысы келбеген кишилерди айткан, куу куурай» деген сөз бар.

***

Бешинчи мааниси - «Куу алдына таш кармап, оттугун алып бир чакты» дейт.

***

Алтынчы мааниси - куштарды «куу-куу-лап» чакырышкан.

***

Жетинчи мааниси - «Ал кууп жөнөдү» дейт. «Артынан куу» дейт. «Кууп чык» дейт. «Шамал менен жарышпа, көлөкөңдү кууба» деген ылакап бар. «Из куу», «Сонор куу» деген сөздөр бар. «Жылкы куу же жылкы тий» деп коет. «Тукум кууган оору экен» дейт. «Ал ата жолун кууп, эр жетти дейт» «Айды ай кууп, жылды жыл кууп жүрүп олтурду» дейт. «Кунун кууду» дейт.

***

Эми «куур» деген сөзгө келсек. Азыркы күндө суу өтө турган керамикалык трубаларды же суу түтүктөрдү «куур» деп атап жүрүшөт.

***

Экинчи мааниси «куур тон» дейт, «куур шым» дейт. «Куур этек» дейт. Ушунун баары илгери кедей-кембагалдарга айтылган. Алар жарытылуу кийимдери жок болгондуктан эптеп-септеп кийинишкен.

***

Үчүнчү мааниси - куурдак куур, буудай куур же «Анын заманасы куурулду» ж.б. д. у. с.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​