Соттун чечими
Бул процесс 2022-жылы Бишкектин Свердлов бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызынын негизинде жүргөн.
Чечимде жазылгандай, анын 2022-жылдагы Свердлов округундагы шайлоонун жыйынтыгы көрсөтүлгөн токтомду жокко чыгаруу боюнча өтүнүчүн Борбордук шайлоо комиссиясы быйыл 22-февралда карап, канаттандырган эмес. Мындай чечимдин үстүнөн Муртазалиев сотко арызданган.
Административдик сот БШКнын мындай чечимин жокко чыгарды.
“Борбордук шайлоо комиссиясын 2022-жылы 9-марттагы Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарып, бул шайлоо округу боюнча Муртазалиевди шайланган депутат деп таанууга милдеттендирилсин”, - деп жазылат чечимде.
Борбордук шайлоо комиссиясы Административдик соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирди.
“Биз соттун чечимин алдык. Бул боюнча кийинки инстанцияга кайрылууга керектүү документтер алынып, даярдык көрүлүп жатат”, - деди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.
Атазовдун билдирүүсү
Атазовдун шайланып келишинде күмөндүү жагдайлар бар экени боюнча сөздөр 2023-жылдын соңунда айтылып, анын бир катар үгүтчүсү кармалганы да сөз болгон. Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыгарган. Райондук сот 21-декабрда эки кишини (К.А.О. жана М. У.А.) Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, экөөнө тең 100 миң сомдон айып пул салган.
Ушундан бир айдан кийин Муртазалиевдин Атазовду депутат деп таануу боюнча чечимди жокко чыгаруу боюнча арызы Боршайкомго түшүп жатат.
Атазовдун өзү 6-марттын кечинде Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты. Анда ал өзүн мандаттан ажыраткан чечимди мыйзамсыз деп баалаган:
"Бүгүнкү Свердлов район сот чечими мыйзамсыз чыкты. Конституцияда, мыйзамда жок нерсени жасады. Мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетирди! Сот адилетүү деген сөзгө көө жапты! Эч кандай юридикалык аргумент, фактылары жок. Өлкөбүздөгү саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалды", - деп жазды ал.
Атазовдун мандатына байланыштуу административдик соттун чечими Жогорку Кеңештин 6-марттагы жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Чыңгыз Айдарбеков эки жылдан кийин депутаттын мандат маселесинин көтөрүлүшүн айыптады.
“Депутаттарга карата конституциялык мыйзам иштейт. Анда депутатты кайсы себептердин негизинде мандатынан ажыратылары так жазылып турат. Эмнегедир арадан эки жарым жыл өткөндөн кийин бирөө кайрылып, ал добуш сатып алуунун негизинде келди деп айтып жатат. Ушул сыяктуу маселелер алгачкы бир айдын ичинде каралып бүтүшү керек болчу. Эмнеге эми каралып жатат?”, - деп Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Жунушпаевге суроо узатты.
Жунушпаев мындай чечимден кабары жок экенин белгилеп, буга соттун кийинки инстанциясы баа бере турганын айтты.
Бажыдагы коррупция боюнча соттолгон жана издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы бар депутат Атазовдун мандатына байланыштуу маселе соңку күндөрү көп талкууланып жаткан. Анын Түркияга чыгып кетишин да ушул мандат маселесине байланыштыргандар болду. Атазов кийин бул сапарын ден соолугуна байланыштуу экенин айтып, дарыланып бүткөн соң өлкөгө кайтып келерин Фейсбук баракчасына жазган.
Атазов Матраимовду ачык колдоп, ал уюштурган иш-чараларга катышып, Жогорку Кеңеште да аны жактаган билдирүүлөрдү жасап жүрөт.
15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.
Мунун алдында 14-февралда БШК 2021-жылы Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаевдин өзүнүн арызынын негизинде мандатын алган. 22-февралда Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырган. Алар шайланып келген Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу округдары боюнча кайра шайлоо 28-апрелге коюлду.
Өзгөрүү шайлоодон башталышы керек
Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаев жана бажыдагы коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимовду “мафия” деп атап, буга тиешеси болгон мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде жогорку кызматты ээлеген чиновниктерге чара көрүлүп жатканын улам кабарлап келүүдө.
Саясат талдоочу Руслан Акматбек Кыргызстанда жүрүп жаткан “тазалоо” ыкмасы башка өлкөлөрдө да колдонуларын айтып, бирок бул жаатта системалуу иш жүрбөй жатат деген ойдо.
“Чын эле мыйзамсыздык менен күрөшөбүз, шайлоо аркылуу бандиттердин, коррупционерлердин келишин каалабасак, анда өзгөрүүнү шайлоо процессинен башташыбыз керек. Административдик ресурсту колдонууну, Матраимовдун партия түзүп, тарапташтарын топтоп келишине жол ачкан жагдайларды жоюшубуз керек. Болбосо бул маселе кайталана берет. Анда системалуу күрөш эмес, эки элитатын тирешиндей болуп кала берет”.
45 жаштагы Шайлообек Атазов 2021-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, сегиз ай иштеген. Кийин парламенттик шайлоого бир мандаттуу округунан катышып, эң көп добушту алган эмес.
Ал бул округда алдыга чыккан Нурбек Алимбековду добуш сатып алууга айыптап, укугун сотто коргой турганын билдирген. Кийин экөө бир пикирге келгени кабарланып, Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоого катышып, парламентке келген.