Милициянын жетекчилери Малик Нурдинов, Алмазбек Орозалиев, Мирлан Каниметов жана атайын кызматта иштеген Талантбек Салиев менен Санжарбек Эркинбаевге бул наамды Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы октябрда президенттик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетерде ыйгарган.
Кыргызстандын эгемен тарыхында күч түзүмдөрүнүн генералдарын сот чечими менен наамынан ажыраткан учурлар болгон.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов беш генералдын наамынан ажыратылганы тууралуу учкай комментарий берди. Ага ылайык, мамлекет башчысы бул жарлыкка 10-октябрда кол койгон, аскердик наамдар убагында мыйзамсыз берилген деген жүйө менен алынган.
Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кетердин так алдында, 2020-жыл, 14-октябрдагы жарлыгы менен милициядагы жетекчилер Малик Нурдинов, Алмазбек Орозалиев, Мирлан Каниметовго жана Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) жетекчи кызматкерлери Талантбек Салиев менен Санжарбек Эркинбаевге генерал наамын ыйгарган. Өзү 16-октябрда Жогорку Кеңешти билдирүү жасап, президенттик кызматын тапшырарын билдирген.
ИИМдин басма сөз кызматы наам ыйгарууда кандай мыйзам бузуу болгону тууралуу түшүндүрмө берген жок. Милициянын генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев дагы кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты.
"Муну ИИМдин кадрлар боюнча орун басары берсе жакшы болот эле. Мен азыр президенттин жарлыгын кантип талкуулайм? Талкуулай албайм. Генералдык наам кандай ыйгарылат, ошол орун басар баарын билет. Атайын жобо бар экенин пункттары менен айтып берет".
Генералдык наамынан ажырагандардын бири Малик Нурдинов негизинен Ошто көп жылдар бою милициянын ыкчам иликтөө бөлүмүндө иштеп, жетекчилик кызматтарга көтөрүлгөн.
Ал Ош облустук ички иштер башкармалыгына 2018-жылы майда дайындалган да, кызматынан 2020-жылы декабрда саламаттыгына байланыштуу өзү жазган арыздын негизинде иштен кеткен. Нурдинов 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалындагы өзгөчө абал жарыяланганда Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болгон.
Нурдинов ага чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча түштүктөгү башкармалыгын жетектеген. 2011-жылы Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы болгон.
2012-жылы октябрда ошол маалдагы Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камалганда, Жалал-Абадда Ташиевдин тарапташтары нааразылык акцияларды өткөрүп, жол тосконго чейин барган фактылар болгон. Жаалданган жоон топ облустук акимчиликтин алдына таш төгүп, имаратка чейин кирип барган окуядан кийин Нурдинов кызматынан алынган. Ошол маалда Нурдинов чогулган элге күч колдонбоо тууралуу буйрук бергени айтылган.
Дагы караңыз Жалал-Абад: нааразылык акция өтүүдө
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Малик Нурдинов тууралуу айтып, ал июнь коогасында өмүрүн тобокелге салып иштегенин билдирди:
"Айрыкча Малик Нурдиновдун наамынан ажыратылганын жүрөгүмө жакын эле кабыл алдым. Ал 2010-жылы Ош окуясында полковник болчу. Ошто бардык дайынсыз жоголгондорду издеп, аябай иштеген. Ошондо чогуу иштешип калганбыз. Жалгыз кызы Иса Өмүркуловдун баласы катышкан жол кырсыгынан каза болгон. Ошондо ал мага кеңсеме келип, аябай ыйлап отурган. Июнь окуясында облустук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеп турган, өз өмүрүн тобокелге салып иштеген. Ошол маалдары сүйлөшүп, пикирлешип, адамгерчилик, пендечилик мамиледе болуп калган элек. Калган төртөөнү жаман-жакшы деп айта албайм, алар деле генералдык наамды эмгеги сиңген үчүн алгандыр".
Мирлан Каниметов 2018-2021-жылдары ички иштер министринин орун басарларынын бири болуп турган. Ага чейин ИИМде, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүндө жетекчилик кызматтарда болгон. Анын аты 2015-жылы уюшкан кылмыш тобунун анабашы делген Алманбет Анапияев Минск шаарында киши колдуу болгон окуяга байланыштуу аталган. Ошол маалда Каниметов ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүн жетектеп турган. Ал дагы бир кызматкери экөө Анапияевдин өлүмүнө күбө болгон адам менен чогуу бир учакта учуп келгени ачыкка чыкканда, түрдүү божомолдор айтылган.
Алмазбек Орозалиев ички иштер министринин биринчи орун басары кызматынан 2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин алынган. Ага чейин Бишкек милициясында, райондук жана коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө бөлүмдөрүндө, ИИМде жетекчилик кызматтарда иштеген. 2012-жылы ошол кездеги депутат Садыр Жапаров камалгандан кийинки нааразылык акциялардан кийинки камоолордо ага карата доомат-сын айтылган.
Кыргызстандын эгемен тарыхында кылмыш иши козголгон, камалган, сыртынан соттолгон генаралдарды наамынан ажыраткан учурлар болгон.
Убагында Исмаил Исаков, Феликс Кулов, Жаныш Бакиев жана Марат Суталинов, Таалайбек Өмүралиев жана Хожимурат Коркмазов генерал наамдарынан соттун чечими менен ажыратылган жана айрымдары кайра сот аркылуу кайтарып алган.
Атайын кызматтын генералы наамынан ажыратылган Талантбек Салиев 1997-жылдан тарта коопсуздук тармагында жөнөкөй кызматкерден жетекчиге чейинки орундарда иштеп келген. Курманбек Бакиев президент болуп турганда УКМКнын Баткендеги бөлүмүн башкарган. Убактылуу өкмөт бийликке келгенде, Алмазбек Атамбаевдин тушунда кыска убакытка кызматсыз жүргөн.
Сооронбай Жээнбеков президент болгондо, 2019-жылы декбрда Салиев УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Айрым бир маалыматтарга караганда, анын жубайы Райымбек Матраимовго жакын тууган болот. Кызматтан көтөрүлгөн себебин дагы ушул жагдай байланыштыргандар чыккан.
"Азаттык" Матраимовдор тууралуу иликтөө жарыялаганда Жогорку Кеңешке келип, кабарчы акча алганы тууралуу айткан. "Азаттык" муну четке каккан, айрым байкоочулар УКМК коррупцияны иликтебей эле, медианы каралаганын айтып чыгышкан. Салиев Октябрь окуяларынын кийин иштен алынган.
Генерал наамынан ажыраган Санжарбек Эркинбаев тууралуу маалымат жокко эсе. Ал Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда УКМКнын 9-бөлүмүн жетектеген жана анын колунан "Даңк" медалын алган.
Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып бул жогорку наамды берүү тартибине токтолду:
"Генералдык наам берердин алдында атайын жол-жобосу жасалат. Биринчиден, ага сунуштама жазылат. Аны атайын комиссиялар, президенттик администрациядагы тиешелүү бөлүмдөр карап, ошол наамга көрсөтүлгөн офицер татыктуубу же жокпу, кандай кызматта жүргөн, кызматы ошол наамга ылайыктуубу деп аныктап, тактайт. Анан кандайдыр бир убакыт талап кылынат. Ошондон кийин гана ага президент кол коёт. Бул жагдайда, балким, ошол жол-жобо бузулуп калган же туура эмес болгон чыгар. Ал наамдар Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерине эки күн калганда берген экен. Бүдөмүк ойлор, түшүнбөстүк ошондо эле пайда болгон. Буга байланыштуу тигил жак, бул жактан сурамжылоолор болгону мага белгилүү. Экинчиден, наамынан ажырап калган офицерлер сотко дагы кайрылышы мүмкүн. Бул жерде юридикалык дагы казустар бар. УКМКда генерал деген наам алгандар башка күч түзүмдөрүнө салыштырмалуу өтө аз".
Дагы караңыз Сын ээрчиген мамлекеттик сыйлыктарГенерал наамы ар бир келген бийликтин тушунда берилет жана мындан улам бул наамды берүүнүн баркы кетти дегендер дагы жок эмес.
Алардын бири Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы милиция кызматкери Туратбек Мадылбеков төмөнкүчө ой бөлүштү:
"Генералдык наамдан президенттин жарлыгы менен ажыратылышы биздин тарыхта биринчи жолу болуп жатса керек. Менин угуп-билгениме караганда, Сооронбай Жээнбеков аларга наамды жөн эле жарлыгы менен берип кеткен экен. ИИМде адатта өзүнчө коллегияда каралып, ал жактан чечим чыгарып өкмөткө жөнөтөт, өкмөт карап чыгып, президенттин администрациясындагы бөлүмгө жөнөтөт. Укканыма караганда, ошол жолкусунда ушундай жол-жоболору жасалган эмес экен. Садыр Жапаровдун бийликте турганынан үч жылдан ашпадыбы, анан ага бул тууралуу бирөөлөр айтканбы, арыз жазылганбы же кимдер генералдыкты кантип алган деп инвентеризация болгонбу, билбейм, бирок ошону кандайдыр бир жагдайдан улам казып карашса керек. Азыр эми милициянын 100 жылдыгы дагы белгиленгени жатпайбы. Алмазбек Орозалиев менин кол алдымда иштеген. Ал пандемия маалында Бишкекте комендант болуп турганда шаардын ички көчөлөрүнө дагы блокпостторду койдуртуп салганын сындап да чыккам. Акыркы жылдары генерал деген наамдын баркы деле кетип калды. Кээ бирлерине, кыргыздар айткандай бак конуп, генералдык кызматка келгени үчүн гана берилген учурлар бар. Айрымдары болсо чындап эмгек кылып алган".
Кыргызстанда күч түзүмдөрүнүн генералдарынын саны канча экени белгисиз, айрым бир маалыматтарга караганда, 150дөн ашат. Буга чейин парламентте аскердик жогорку чиндерди ыйгаруунун жол-жобосу сынга алынып, жогорку наам берүүнү азайтуу сунушу айтылган.