Высоцкийдин эч ким уга элек ырлары табылды

Владимир Высоцкий.1979-жылы тартылган сүрөт.

Атактуу орус ырчысы, бард Владимир Высоцкийдин 1979-жылы Лос-Анжелесте жаздырган ырлары табылды. Калифорниялык музыкант Майкл Миш бир кезде анын үй студиясында жазылган Высоцкийдин “Бейиш алмалары” аттуу чыгармасынын элге чыга элек вариантын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна алып келди.

Атактуу котормочу Сергей Рой диний образдарга жык толгон “Бейиш алмалары” аттуу көңүл чөгөргөн ырында Владимир Высоцкий кыйыр түрдө сталиндик террор тууралуу баяндаганын айтат. Ырдын каарманы алдыда күтүп турган өлүмү, кийин "бейиш багына" түшкөнүн жана ал дүйнө "чирип тоң" болуп кеткени тууралуу кеп салат.

42 жылдык өмүрүндө Высоцкий болжол менен 600 обон жараткан. Советтер Союзунда ал ырлардын бир азы гана обого чыккан. Угармандар каргылданган таанымал үндү ырчынын жеке концерттеринде колго жаздырылып, аны көбөйтүп угушчу.

Высоцкий көп ырларын 1970-жылдардын соңунда АКШга барганда жаздырган. Алардын айрымдары 1974-жылы СССРден качып кеткен балет бийчиси Михаил Барышниковдун Манхеттендеги батиринде жаздырылган. Ал эми көп обондору калифорниялык музыкант Майкл Миштин үйүндө кассетага түшүрүлгөн. Высоцкий француз аялы Марина Влади экөө АКШга барганда көп учурда Майклдын үйүнө токтошчу.

Владимир Высоцкий жубайы Марина Влади менен.

25-июлда Владимир Высоцкийдин дүйнөдөн өткөнүнө туура 35 жыл болду. 42 жашында дүйнө салган Высоцкий 1967-жылы чыккан “Вертикаль” аттуу тасмадан кийин элге кеңири таанылган. Башкы ролдордун бирин аткарган артист каргыл үнү менен аткарган фильмдеги ырлары аркылуу эсте калган.

Ошондон тарта СССРде анын ырлары жаздырылган пластинка, кассеталар колдон колго өтүп, ар бир экинчи үйдө жаңыра баштаган. Советтик бийлик Высоцкийдин чыгармачылыгына тыюу салган. Советтик жетекчиликке анын найзадай курч, жылаңач чындыкты сүрөттөгөн ырлары жаккан эмес. Высоцкийдин концерттерин койдурбай, ар кандай бут тосуулар болгон. Ага карабастан Высоцкийдин популярдуулугу арта берген.

80-жылдарга чукул Высоцкий өз ырларында өлүм темасын көп козгой баштаган. Ал көпчүлүктүн кеңири сүймөнчүгүнө айланып, чыгармачылыгынын туу чокусуна жетип турган маалда - 1980-жылдын июлунда дүйнө салды. Москва ал күндөрдө XXII Жайкы Олимпиаданы тосуп жаткан эле. Советтик маалымат агенттиктери атактуу ырчынын өлгөнү тууралуу эки сап кабар менен чектелген. Ошентсе да Высоцкий менен коштошууга жүз миңдеген адамдар келип, Ваганковский көрүстөнүнө коюлган.

Владимир Высоцкийдин "Бейиштин алмалары" аттуу чыгармасынын элге тараган версиясы.