“Сомду киргизүүнү Орусияга, кошуналарга айткан эмеспиз”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Турсунбек Чынгышев болду. Ал кыргыз валютасы – сом кандай жагдайда, кандай зарылчылыктан улам жүгүртүүгө киргизилген, ага Орусиянын, кошуна мамлекеттердин мамилеси кандай болгон кайсы жерде басылган, улуттук акча кантип жасалгаланган, экономиканы турукташтырууга кандай өбөлгө түзгөн ж.б. суроолорго жооп берди.