Соль-Илецкиде кыргыз айдоочулар калды

Казакстан.

Орус-казак чегиндеги Соль-Илецк аймагынан 519 кыргызстандык тогуз автобус менен Кыргызстанды көздөй жолго чыгышты. Жетимиштей айдоочу калды.

2-3-майдан бери автобус менен кетүүгө макулдугун берген жарандар тизмеге алынып, аларды казак чек арасынан өткөрүп кетүү иши уюштурула баштаган.

Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматына ылайык, жети автобус кыргыз өкмөтүнүн эсебинен уюштурулган, ал эми эки автобусту жарандар өз каалоосу менен коммерциялык негизде жалдап алышкан.

Мекендештер жөнөткөн видеолордон автобуска адамдар медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин түшүп жатканын, кээ биринде эл жык-жыйма толуп, туруп баратканын көрүүгө болот.

Дагы караңыз Илдет миграция саясатынын чабалдыгын көргөздү

"16-марттан бери жүргөн 100гө жакын киши калды. Көбү машинесин таштап кете албагандар жана акы төлөнгөн тралга автоунаасын жүктөөгө акчасы жоктор калды", - деди чек арадагы айдоочулардын бири.

Анын айтымында, азыр орус-казак чек арасында кыргызстандыктардын жүздөн ашуун автоунаасы турат.

Европа өлкөлөрүнөн машине ташып иштегендер буга чейин эле автоунааларын чек арага таштап кетүүдөн баш тартып, аларды Казакстандын аймагынан автоунаалары, жүктөрү менен өткөрүп кетүүнү суранышкан.

"Машинесин кантип таштап кетет?! Элүү күндөн бери жаткандар бар ушу жакта. Ойлонгула?! Азыр келип алып, элди экиге бөлүп, чачыратып жатасыздар. Булар карапайым эл. Иштеп таап келаткан автоунааларын кантип ара жолго таштап кетет?!" , - деди видео кайрылуу жөнөткөн айдоочулардын бири.

Казак бийлиги кыргыз мигранттарына транзиттик жол ачып берүүгө макул болгону кабарлангандан кийин чек арада тургандардын саны эки эсеге көбөйүп кеткен. Оренбург облусундагы консул Таалайбек Жандарбек уулунун маалыматы боюнча акыркы күндөрү чек арага кеминде 400дөй адам топтолгон.

Соль-Илецкиге 320 чакырым жетпей Бузулук шаарында да мигранттарды ташыган элүүдөй автоунаа токтотулган.

"Элчи Аликбек Жекшенкулов Оренбург облусунун губернатору Денис Паслерге кайрылуу жөнөтүп, анын негизинде жарандарды орус-казак чек арасына өткөрүү маселеси чечилген. Бузулуктагы кыргызстандыктардын ичинен кош бойлуу, балалуу, улгайгандарга артыкчылык берилип, жыйынтыгында 155 киши автобус менен мекенге кетти", - деп билдиришти Москвадагы элчиликтен.

Дагы караңыз Мигранттарга кол сунган мекендештер

Маалыматта орус-казак чек арасында калган 70 айдоочунун автоунаасына Соль-Илецкидеги Аскердик бөлүктүн токтотмосунан акысыз орундар берилгени да айтылат.

Казак бийлиги 17-марттан тарта чек арада турган 200дөй кыргыз жаранына жол ачып берүүгө макул болгону 30-апрелде кабарлаган. Анда өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев расмий Нурсултандын шартына ылайык жарандар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын, андыктан жеке автоунаасын ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керектигин белгилеген.

«Казакстан тарап аларды машинеси менен өткөрүүгө макул эмес. Ошондуктан биз учурда аларды машинесин калтырып, автобустар менен алып келүү маселесин карап жатабыз», - деген Абылгазиев.

Макулдашууларга ылайык, кыргыз жарандары өткөрүлөрү менен казак чек арасы кайрадан жабылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​