Ооруктун күчү Жеңишти тездеткен

“Октябрь” колхозунун башкармасы М.Ахмедов колхозчуларга Советтик информбюронун маалыматын окуп жатат. 1941-жыл. ​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды). 

Согуш мезгилиндеги Бишкектеги госпиталдардын бири. Согуш жылдарында Кыргызстанда 25 аскер госпиталы болгон. (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Кант районунун Васильевский совхозунун жумушчулары бошотулган аймактарга жардамга бөлүнгөн дан эгиндерди жеткирүүдө. 1943-жыл. Фрунзе облусу.

Согуш мезгилиндеги ооруктагы турмуш. Кыргызстандын ар улуттан турган эмгекчилери согуш жылдары коргонуу фондусуна танк, самолёт куруу үчүн 189 миллион сом акча, 946 миллион сомдук облигация жана 59 кг. күмүш жыйнап беришкен. Эгин, эт, май, жүн берип турушкан. Согуш жылдары республиканын калкы 1 миллиард 47 миллион сомго облигация, 156 миллион сомго акча-буюм лотереясын алышкан. Майданга 196 вагон жиберилген. 

Көк-Жаңгак көмүр кесиминин комсомол-жаштарынын аялдар бригадасынын алдыңкы эмгекчилери. Таш көмүрдү уратып түшүрүүчү жана конвейерге жүктөп туруучу жумушчу П. Атибаева, ат айдагычтар П. Карабаева жана А.Калиева жумуш башталар алдында.
Көк-Жаңгак шаары. 1943-жыл. 

1943-жыл. Токмоктогу механизация мектебинде сабак учуру. Алдыңкы катарда отличник, комсомол Койчуманова иш үстүндө. Токмок шаары. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская.

Кант районунун “Боз бармак”  колхозунун сокочусу А.Тыналиев 1.5 норманы аткарууда. Фрунзе облусу. 1943-ж. ​​

1941-жылы Ленинград шаарын фашисттик Германиянын аскерлери курчоого алып, шаардагы балдар эвакуацияланган. Алардын айрымдары Кыргызстанга да алып келинген. Аларды ошол кезде Ак-Булак колхозунун 16 жаштагы катчысы Токтогон Алтыбасарова Ленинград​дан келген 150 баланы баккан. (Сүрөттөр Токтогон Алтыбасарованын үй-бүлөсүнүн жеке архивинен алынды).

Декабрь айы үчүн нанга кагаз. Бир күндүк рацион 125 граммды түзгөн. Москва шаары. 1941-жыл.  

Кант районунун Фрунзе колхозунда күрүчтү жыйноо учуру.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл. 

Осоавиахим атындагы тигүү фабрикасынын алдыңкы кызматкери А. Айткулова фронттогулар үчүн ич кийимдерди тигүү боюнча норманы 180% аткарган. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору: Вильчинская. 

Кыргызстандагы Фрунзе заводу биринчилерден болуп майданга өтө зарыл атайын заказдарды кабыл алган. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Түп районунун “Сухой Хребет” (“Маяк” совхозу) совхозунун орто мектебинин окуучулары ат соко менен совхоз талаасында. Ысык-Көл облусу. 1942-жыл.

Жаш шахтачылар жумуштан кайткан учур. Көк-Жаңгак шаары. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1945-жыл. 

Чоң Чүй каналынын куруучулары менен кызылфлотчунун жолугушу.
Сүрөттүн автору: С.Харченко. 1941-жыл.  ​​

Согуштан кайткан жоокерлерди тосуп алуу. Фрунзедеги темир жол бекети. 1945-жыл. ​