"Согуш болбосун", "Кечирбейбиз". Москва Навальный менен коштошту

Алексей Навальный менен коштошууга миңдеген адамдар келип, көчөдө жана чиркөөнүн алдында кезекте турушту. Алар "Согушка жол жок", "Путин киши өлтүргүч", "Путинсиз Орусия", "Сен корккон эмессиң, биз да коркпойбуз" деген ураандарды кармап турушту.
Активист менен коштошууга Екатеринбургдун мурдагы мэри  Евгений Ройзман, АКШ элчиси Линн Трейси, Германия жана Франциянын элчилери келишти. 

Маркумдун ата-энеси Людмила жана Анатолий Навальный. 

 

Людмила Навальная храмдын алдында турат. 

 

Храмдан чыккан Алексей Навальныйдын апасы Людмиланы коштошууга келгендер кучактап "Уулуңуз үчүн рахмат" деп жатышты. 
 

Навальныйдын сөөгү жаткан табытты храмдан алып чыкканда келген эл "Навальный" деп кыйкырып, кол чабышты

Маркум менен коштошуу зыйнаты. 1-март, Москва. 
 

Бийлик коштошуу зыйнаты өтүп жаткан райондо интернет байланышын чектеп койду. 
 

Алексей Навальный менен коштошууга келгендердин кезеги эки чакырымга созулду. Полиция эки катарга тизилип калкан болуп турду жана келгендердин документтерин текшерип жатышты. 

 

Табытты алып чыгуу учуру. 

Храмдын жанына чогулгандар тосмону сындырып салышты. 

Табытты көрүстөнгө алып кирген учур. 

 Борисов көрүстөнүндө Навальный менен коштошуу зыйнаты өттү. 

Алексейдин сөөгү жаткан табытты кабырга Фрэнк Синатрдын My way ырынын музыкасынын коштоосунда салышты. Саясатчы Леонид Волков түз эфирде My way ырын Алексей Навальный сүйүп укканын айтты. 
 

Коштошуу үчүн миңдеген адамдар келди. 

Полиция элди көрүстөнгө сөөк коюлгандан кийин гана кое берди. 

Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная социалдык баракчасына күйөөсүнө арнап, "26 жыл бакыт тартуулаганы үчүн" ыраазычылык билдирди. 

 

Алексейдин (солдо) жана Юлиянын (оңдо) апалары.
 

Навальныйдын мүрзөсүнө гүл койгондордун аягы суюла элек. 

Саясатчы менен коштошуу 22 саатка созулду. Айрым адамдар төрт саатка чейин кезек күтүштү. 

Бул күнү Орусиянын бир катар шаарларында Алексей Навальныйды эскерген жүздөн ашуун адам кармалды. 

Москвада түрмөдө каза болгон орусиялык активист Алексей Навальный акыркы сапарга узатылды. Орус бийлиги анын сөөгүн үй-бүлөсүнө дароо өткөрүп берген эмес.