Эки жолу согушка барган ардагер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Керимбай Элебесов азыр 96 жашта. Согушка эки жолу барып келген ардагер азыр Тоң районунун Кызыл-Туу айылында турат. Өзү Жети-Өгүз районунун Чычкан айылында туулган карыя биринчи ирээт согушка 17 жашында барганын айтып берди. Бутунан жараат алып, айылына келип айыккандан кийин согушка экинчи жолу 1944-жылы чакыртылган. Согуш талаасындагы башынан өткөргөн оор күндөр али да эсинде. Байбичеси менен 70 жыл бирге түтүн булатып, сегиз уул-кызга тарбия берген.