Согуш азабы. Украинадагы бир иш-чара

Согушта каза тапкан украиналык аскерлердин туугандарына сыйлык тапшыруу аземинде тартылган бул сүрөттөрдөн орусиялык аскерлердин баскынчылыгы Украинага кандай азап алып келгенин көрүүгө болот. (Материалды Эймос Чаппл даярдаган).

Бул сүрөттөрдүн баары 28-августта тартылган. Бул күнү Украина чыгышындагы шаар өзүнүн негизделген күнүн белгилеген. Бирок жергиликтүү фотограф Анастасия Игоревна (19 жаштагы кыз сүрөттө өзүн ушинтип тааныштырат) майрамдын маанайдан башка окуяны тарткан.

Ал тарткан кадрлардан согушта курман болгон украиналык аскерлердин жубайларынын, балдарынын жана жакындарынын эмоциясын көрүүгө болот.

Анастасия Игорева аны бул иш-чарага жөн гана сүрөт тартууга чакырышканын айтууда. Фотограф сүрөттөгү адамдардын жакындары Орусия тынч жаткан өлкөгө 24-февралда басып киргенде курман болушканын гана билет.

Медалдарды Ровнонун борборундагы чоң залда тапшырышкан. Масштабдуу иш-чараларды ракета соккусунан улам ачык асман алдында өткөрүүгө Украинанын бардык аймагында тыюу салынган.

Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү "Ровно шаарынын ардактуу атуулу" деген медалды алышты.

Фотограф кабарчыга залдагы атмосфера өтө эмоционалдуу болгонун айтып берген. "Ар бир жоокердин өлүмүн өз ажалыбыздай кабыл алынууда. Балдар болсун, чоңдор болсун көз жашын тыйган жок" деген ал.

Бул сүрөттөрдүн айрымдарын Анастасия Игорева Instagram баракчасына жайгаштырган. Пост миңдеген адамдардын көңүлүн бурган. "Анткени бул сүрөттөр аларга жакын. Согушта адамдар өлүп, жакындардан ажырап жатышат" деген ал.

29-августта Анастасия Игорева Инстаграмга сүрөттөрдү "бизди асмандан канаты менен калкалап тургандарга арналат" деген сөз менен жайгаштырып, "Баатырларга даңк" деп жазган.

Сүрөттөрдүн бардыгы Aнастасии Игореванын галереясынан алынды, тексти Эймос Чаппл жазган.