"Сөз эркиндигин сактайлы". Басым алдындагы ишембилик

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарында 6-майда Журналисттер аллеясында сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө арналган ишембилик өттү. Ага өлкөдөгү журналисттер, медиа уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анын катышуучулары өлкөдөгү маалымат каражаттары, журналисттер туш болгон соңку басымдарды токтотууга чакырып, журналисттерди тилектештик билдирүүгө үндөштү.