Шайдуллаева: Жөнөкөй жашоонун өзү бакыт

Топчугүл Шайдуллаева

Социолог Топчугүл Шайдуллаеванын эсселер, аңгемелер жана киноповести камтылган "Кызыл өрүк" аттуу китеби жарык көрдү. Бул анын адабий чыгармаларынын алгачкы топтому болуп саналат.

Буга чейин социалдык тармактарда кыска аңгемелери менен окурмандарын тапкан Шайдуллаева китеби тууралуу "Азаттыкка" маек берди.

Топчугүл Шайдуллаева: Социологдун күндөлүгүнө реалдуу изилдөөлөр, сурамжылоодон келип чыккан тыянактар, социологиялык көз караштар камтылат эмеспи.

Жаңы чыккан китепке чогулткан аңгеме, эссе жана повесттеримде мен биздин коомдо жашаган реалдуу адамдардын жашоосун, ички туюмдарын көркөмдөп, жөнөкөй окурманга жеткиликтүү кылганга аракеттендим. Албетте, мен биринчи кезекте социологмун. Элибиздин ар түрдүү көйгөйлөрүн угуп, чыныгы статистикага таянып тыянак чыгарам. Бирок кесибимди адабий чыгармаларыма аралаштыргым келбейт.

Азыркы тапта Чыныгүлдөй кемпирлер калбай калды. Жашы өткөн адамга турмушка чыккан аялзаты кандайдыр бир материалдык максатты алдыга коюп калды. Мен муну карайын, багайын, бирок мага эмне пайдасы тиет деген суроону коюшат да.

"Азаттык": Чыгармадагы каармандар айылдаштардай же коңшулардай сезим калтырат экен. Маселен, Чыныгүл кемпирдин образы кайдан жаралды?

Топчугүл Шайдуллаева: Чыныгүл гуманисттик жүрүм-турумга ээ аял да. Айыл аксакалдарынын сөзүн кыя албай, улам бир чалга турмушка чыгып, аны өлгүчө багып жүрүп өзү карып-арып жатпайбы. Эрден көзү каткан аял эмес. Чыныгүлдүн прототиби чыныгы жашоодо бар.

Бирок азыркы тапта Чыныгүлдөй кемпирлер калбай калды. Жашы өткөн адамга турмушка чыккан аялзаты кандайдыр бир материалдык максатты алдыга коюп калды. Мен бул чалды карайын, багайын, бирок мага эмне пайдасы тиет деген суроону коюшат да. Азыркы жашоонун ачуу чындыгы ушул болуп жатпайбы. ​

"Азаттык": Ар бир чыгармаңызда трагедияны да жөнөкөй окурманга жеткиликтүү тил менен сүрөттөп жатасыз. Мындай ыкманы атайын тандап алдыңызбы?

Биринчиден, мен жөнөкөйлүктү жактырам. Айтайын деген оюм, чыгармадагы идеям элдин баарына тегиз жетүүсүн каалайм.

Топчугүл Шайдуллаева: Негизи эле көркөм чыгармадагы ойдон чыгарылган нерселерди, фантазияны көп жактыра бербейм. Албетте кыялдануу менен чыгарма жараткан деле авторлор бар, бирок эми ар кимдин жазуу стили, каалоосуна жараша болсо керек.

Биринчиден, мен жөнөкөйлүктү жактырам. Айтайын деген оюм, чыгармадагы идеям элдин баарына тегиз жетүүсүн каалайм. Экинчиден, турмуш өзү жөнөкөй да. Аны өзгөртүү адамдын өз колунда. Татаал кылып жашасак, кыйналабыз. Жупуну болуп, кадыресе көрүнүштөрдөн рахат алсак, жашоо ошончолук ширин сезилет.

"Азаттык": Сиздин айрым кыска аңгемелериңиз бир топ окурмандардын арасында талаш-тартышка да түшүп жүрөт. Ушундай чыгармаларыңыздын негизинде көркөм тасма тартуу сунуштары айтылып жатабы?

Топчугүл Шайдуллаева: Албетте, андай сунуштар түшүп жатат. Ошол эле жана жогоруда айтылган "Чыныгүл" аттуу аңгемем жазуучу, окурмандар ичинде кызуу талкууланып, көп сын-пикирлер айтылган.

Ушул аңгемени экрандаштырабыз деп жатышат. Мындан тышкары "Өрүк эне" деген кыска аңгемем бар. Ага быйыл сценарий жазылды. Буюрса, келерки жылы тасма тартылганы турат. "Кызыл өрүк" китеби үч бөлүктөн турат. Биринчиси эскермелер, анда Баткендеги менин айылымдын таржымалы, апама арнадым. Колхоздошуу мезгили, ошол доордун өзгөчөлүктөрү, кыйынчылыктары, пайдасы жана зыяны сүрөттөлдү.

Экинчиси кыска аңгемелер, үчүнчүсү "Амансыңбы, Айгүл Тоо" аттуу киноповесть. Эми азыркы тапта китеп чыгарып, аны элге таркатуу бир аз машакаттуу жумуш болуп калыптыр. Бирок социалдык тармактар, жазуучу Олжобай Шакирдин "РухЭш" сайты аркылуу аңгемелерим азыр интернет колдонуучулар арасында жайылып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.