"Шоу-бизнес тойго ыктап, көйгөйгө көз жумат"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, быйыл дагы Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде төмөнкү орунга жайгашты. Буга соңку бир жыл ичиндеги болгон окуялар, өзгөчө Асел Ногойбаева туш болгон зомбулук себеп болгону белгиленди. “Эже-сиңдилер” бул жолу аялдар укуктары, аларга карата зомбулукка чыгармачылык аркылуу көңүл бурдурган конокторду чакырды.