Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде мыкты дизайнерлердин колунан жасалган шөкүлө көргөзмөсү өтүп жатат.
“Шөкүлө” аттуу көргөзмө долбоору “Улуу Дара” коомдук фонду тарабынан ишке ашкан. Аталган фонддун төрайымы Анара Керимбекова баш кийимди даңазалоо ишинин максатына токтолду:
“Кийинки учурда шөкүлө унутулуп бара жатпайбы. Мурда кыздарды күйөөгө бергенде кийгизчү да. Азыр эки жаш баш кошкондо кыз заманбап көйнөк кийип, баш кийимге деле маани берилбей калды. Заман талабынын деле жакшы жагы бар, албетте. Бирок азыр да кыздарыбызды турмушка узатканда шөкүлө кийгизсек, ушул кааданы кайра жандантсак деген максат менен ушул иш-чараны уюштурдук. Шөкүлө боюнча каталог түзүп чыгып, китепканаларга бердик. Жаштар пайдаланса, аларга сөзсүз кереги тиет деген ойдобуз”.
Шөкүлө үч бурчтук формасында тигилген кыргыз кыз-келиндеринин элдик баш кийими. Өтө кооз, аны күйөөгө аттанган кыз ата-энесинин колунан кийип чыккан. Шөкүлөнүн бөлүк тилкелерине келсек, төбөсү, кулакчасы, желкеси, маңдайы болот.
Көргөзмөгө дасыккан дизайнерлер Аида Майташева менен Зухра Мукамбетованын колунан чыккан шөкүлөлөр коюлган.
Аида Майташева шөкүлө жасоонун убарасын баяндады:
“Байыркы замандан бери келе жаткан шөкүлө өз кезегинде баасы 500 койдун наркына татыган. Анткени күмүштөн, маржандан (коралл) шөкөттөлүп жасалгандыктан баасы асман чапчыган. Азыр деле шөкүлө жасоонун түйшүгү оңой эмес. Чыныгы маржандын бир жибинин эле баасы 100 доллар турат. Ал эми шөкүлөгө эң аз дегенде 15-20 катар шуру керек. Илгеркидей талап менен жасалса азыр да кымбат түшөт. Кездемесин табуу, технологиялык жагы да өзүнчө бир түйшүктүү иш. Анткени колду кармап, көздүн майын алат”.
Музейдин илимий үгүт бөлүмүнүн жетекчиси Алмакан Найзабекованын айтымында, шөкүлөнү жасаган дизайнерлер жөн гана фантазиясына жараша эмес, баш кийимдин узак тарыхын эске алып, ар бир доордогу өзгөчөлүктөрүн чагылдырганга аракет кылган.
“Бүгүнкү күндө кубандырган нерсе - улуттук салттык өнөрүбүз, билимибиз кайра жанданып жаткандыгы. Келечек муунга бул иштер баалуулук катары калат деп ойлойм. Эгерде таланттуу кол өнөрчүлөргө каржылык жактан колдоо болгондо, анда алар чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө катышып, улуттук кол өнөрчүлүктү, маданиятты таанытышмак. Бир гана кыргыз эли эмес башка улуттар да салттык өнөрүбүзгө баа беришмек. Азыр өлкөдө күчтүү дизайнерлер өсүп чыгып жатат”.
Шөкүлө көргөзмөсүнө келген студент Мадлен Эсенбекова Ишеналы Арабаев атындагы университетте окуйт.
Ал бул көргөзмөгө келгенде кыргыздын өткөн доордогу жашоосу көз алдына тартылганын, жүрөгүндө улуттук сезим уялап турганын айтты.
“Буга чейин шөкүлөнү кыз турмушка чыгып жатканда кийген баш кийим катары эле билчүмүн. Азыр музейге келип шөкүлөнүн түркүн түрүн көрүп, көз кубанып турат. Баалуулуктар алмашып, кийим-кечелерибиз да заманбап болуп өзгөргөн учурда ушундай көргөзмөлөр бизге абдан зарыл маалымат булагы болот экен”.
Шөкүлөнү мурда ак кийизден же кездеменин ортосуна жүн салып шырып тигишип, кызыл же кочкул кызыл, жашыл же кочкул жашыл, көк түстүү манат же нооту менен тыштап коюшкан.
Кийинки ууздар баркыт менен тыштап жүрүшөт. Төбөсүнө же каптал тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылат. Шөкүлөнү жасоодо төбө алкагына зер чөгөрүүгө болот жана шуру-мончок арбын тагылат.
Кыргыз салтында шөкүлөнү турмушка чыккан кыздын сиңдилери да кийишкен. Кыз кайын-журтуна кийип баргандан үч-төрт күн өткөндөн кийин шөкүлөнү кайра берип жибериши керек. Бул баш кийим баркталып, боз үйдө текчеде турган же болбосо сандыкта сакталган.
“Шөкүлө” көргөзмө долбоору 4-майга чейин Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт.