ШКУ саммити: коопсуздук, геосаясат жана темир жол долбоору

Бишкекте өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны. 26-октябрь, 2023-жыл.

26-октябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында 14 документке кол коюлду.

Бул Украинадагы согуштан улам уюмга мүчө айрым мамлекеттерге катаал санкциялар салынып, ХАМАС тобу менен Израилдин урушу күчөгөн маалда Кыргызстанда өткөн экинчи чоң жыйын болуп калды.

Бишкектин демилгеси

Бишкек акыркы күндөрү аймактык жана эл аралык маселелер талкууланган аянтча болууда. 13-октябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммитти өтсө, 26-октябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жыйынга чогулду. Ага геосаясаттагы чоң оюнчу мамлекеттер - Кытай, Индия, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн да премьер-министрлери, делегаттары келди.

Жыйында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады. Ал ШКУ дүйнөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймагы экенин, уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны дүйнө элинин 42% ашыгын же 3,3 миллиарддан ашуун адамды түзөрүн билдирип, экономикалык маселеге да токтолду.

Акылбек Жапаров.

“Соода, өндүрүш, энергетика, транспорт, инвестиция, каржы, айыл чарба, бажы, телекоммуникация жана башка өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө, ошондой эле жасалма интеллект тармагындагы технологияларды өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча ишти улантуу маанилүү. Тилекке каршы, Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселеси көптөн бери талкууланып келет. Бул түзүмдөр, биздин көз карашыбыз боюнча, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара эсептешүүлөрүндө улуттук валюталардын үлүшүн мындан ары этап-этабы менен жогорулатууга түз көмөктөшмөк”.

Дагы караңыз “Кытай-Борбор Азия” саммити. Таасир талаш талаасы

Ал эми жалпы экономикалык жана коопсуздук тууралуу сөз кылган Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян уюмдун өз ара кызматташтыгы, чөлкөмдүн ынтымагына токтолду:

"Биздин бирикменин максатын "чөлкөмдүн тагдырын аймактагы өлкөлөр өздөрү карашы керек" деген жөнөкөй сөз менен түшүндүрсө болот. Чөлкөмдөгү маселелерди өз ара макулдашуу аркылуу тышкы кийлигишүүсүз, тоскоолдуксуз жана бурмалоосуз чечүү керек. Бүгүн дүйнө ар түрдүү олку-солкулукту, силкинүүнү башынан кечирүүдө. Мындай шартта ШКУнун түпкү баштапкы максаттарына кайтуу зарыл. Биздин уюм 22 жыл мурда өз ара достукту чыңдоо, жалпы коопсуздукту чыңдоо жана регионду чогуу өнүктүрүү деген жалпы максаттар үчүн түзүлгөн", - деди Ли Цян.

Иран Израилди айыптады

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны Украинадагы согуш жана ХАМАС тобу менен Израилдин урушунан улам дүйнөдө мамлекеттер ортосунда арыздашуулар күчөп турган учурда өттү. Муну Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар да белгиледи.

“Биз дүйнөдө конфликттер жүрүп жаткан аймактарда абал курчуган учурда жолугуп жатабыз. Ага карабастан азыркы өтүп жаткан жыйын дүйнөдөгү бир топ маселелерди чечүүдө чоң роль ойнойт. Биз аймактагы туруктуулук үчүн чогуу иштешибиз керек. Бул жаатта Шанхай кызматташтык уюму көп мүмкүнчүлүктөрдү берет”.

Жыйында сөз алган Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мухбер Газадагы кырдаалга токтолуп, Израилди айыптады.

Мохаммад Мохбер.

“Биздин иш-чара Газа секторунун кордолгон эли Израилдин ырайымсыз режиминин кол салуусунан улам суусуз жана азык-түлүксүз отурган чакта өтүп жатат. Утулуп калган бул режим күнөөсүз адамдарды сууcуз, тамак-ашсыз, жарыксыз жана дары-дармексиз калтырып, өлтүрүүгө аракет кылып жатат. Бул адамзатка каршы кылмыш”, - деди ал.

Уюмдун башка мүчөлөрү бул темага кайрылган жок. Эске сала кетсек, Батыш өлкөлөрү “террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС тобу Израилге 7-октябрда кол салган. Кол салуудан кийин Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган. ХАМАСтын чабуулунан 1400 израилдиктин өмүрү кыйылып, Газа тилкесинде израилдик аскерлердин чабуулунан каза тапкандар 6 миңден ашканын бул анклавдын Саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

Дагы караңыз Газа: Израил аба соккуларын күчөтүп, танктар менен рейд жүргүздү

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында 14 документке кол коюлду.

Алар - көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын жүзөгө ашыруу иш-чаралары боюнча баяндама, уюмдун ишин уюштуруу, бюджети жана каржылык эрежелери, уюмга мүчө өлкөлөрдүн темир жол мекемелеринин иш-чаралар планы, тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу мекемелердин санариптик соода чөйрөсүндөгү кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси боюнча документтер. Мындан тышкары, келерки жылы “Экология жылын” өткөрүү боюнча иш-чаралар планы да каралды.

ШКУнун өкмөт башчылар жыйынына катышуу үчүн келген делегация башчылары менен президент Садыр Жапаров жолугуп, ал да Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбор түзүү сунушун берди.

2001-жылы ШКУну Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафик менен күрөшүүчү уюм катары негиздеген. 2017-жылы анын катарына Индия менен Пакистан кошулган. 2022-жылы толук кандуу мүчө болгон Иранды кошкондо азыр ШКУга кирген мамлекеттердин саны тогузга жетти. Андан тышкары үч өлкө – Ооганстан, Беларус жана Монголия байкоочу макамына ээ.

Жапаров темир жол долбоорун көтөрдү

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйында өлкө жана регион үчүн маанилүү болгон “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча маселени да көтөрдү.

“ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорттук системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга жана мамлекеттерибиздин ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө шарт түзөт. Бул багытта “Кытай - Батыш Азия - Европа” багыты боюнча Чыгыш менен Батышты бириктире турган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун прогрессивдүү жүрүшүн белгилегим келет”.

Дагы караңыз Темир жол долбоорунун артындагы аткезчилик жана карыз коркунучу

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлган.

3-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, темир жол “Торугарт – Кош-Дөбө – Казарман – Жалал-Абад” багыты менен кете турганын айткан. Ал бул маршруттун узундугу 311 чакырымга жетип, долбоордун баасы болжол менен 4 млрд 700 млн доллар деп бааланганын билдирген.

ШКУга мүчө жана байкоочу макамындагы мамлекеттердин желектери.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков долбоорду каржылоо моделдери тууралуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берди.

“Биз Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Эки күн мурда эле Кытайдын делегациясы менен жолугуп, каржы маселесин талкууладык. Ушул тапта каржылоо моделдерин Кытай да, Өзбекстан да карап жатат. Талкуулар жыйынтыкталгандан кийин үч мамлекет чогулуп, каржылоонун жолун аныктайбыз. Каралып жаткан моделдери алдын ала айтпай турайын. Негизгиси, мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен ишке ашыруу жолу каралып жатат”.

Буга чейин темир жол “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүп, анын узундугу 280 чакырымды түзөт деп айтылып келген. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан кытайлык компанияны жалдап, чыгымды чогуу көтөргөн. Кыргызстан 2022-жылы ага 483 млн сом бөлүп, ишкана техникалык-экономикалык негиздемени июль айында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берди.