“Шереметьеводогу” текшерүүдөн мигранттар кыйналды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусияда 10 жылдан бери иштеп жүргөн Азат (аты өзгөртүлдү) 27-мартта Москванын “Шереметьево” аэропортуна учуп барып, 13 сааттык текшерүүгө кабылган. Мигранттын документтери гана эмес, телефону дагы текшерилген. Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады. Орусияда жашаган жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна комментарий берген адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында алардын тек-жайын ачык жарыялабайбыз жана жүзүн көрсөтпөйбүз.