Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-июлда өтөт. Үгүт иштеринин бүтүшүнө бир апта убакыт калды.
Өлкөнүн экинчи ири калаасы Ошто адатта шайлоо өнөктүгү өтө курч атаандаштыкта өтчү. Бул жолу шайлоо жарышына чыккан саясий партиялар үгүт иштерин мурдагыдай жандуу жүргүзбөгөнү байкалат.
Шаар көчөлөрүндө жайнап илинген үгүт материалдары бирин-серин гана көзгө урунат. “Социалдык тармактарда деле үгүт иштери жандуу жүргөн жок”, - деди журналист, блогер Адыл Акжол уулу.
Ал өткөн шайлоолордо YouTube баракчасы аркылуу партиялар менен келишим түзүп иштеген. Бул жолу дагы үч саясий партиянын үгүт материалдарын таратууда.
“Үгүт буга чейинкилерге салыштырмалуу абдан суз өтүп жатат. Өкмөттүн токтому менен массалык иш-чараларга тыюу салынган. Ошондон улам шайлоого катышкан партиялар социалдык тармактар аркылуу үгүт иштерине басым жасады. Бул жолкусунда жаңы партиялар да катышууда. Бирок алар социалдык тармактарда өтө активдүү эмес. Мындай болсо, алардын план, программалары жакшы болбосо керек, шайлоодо кандай болорун айта албайм”, - деди Адыл Акжол уулу.
“Шайлоочуну ынандыра албаган программалар”
Ош шаарынын тургуну Мамат Шаиев шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялардын программалары менен кеңири таанышып чыкканын айтып берди. Тилекке каршы, көпчүлүгү реалдуулуктан алыс, конкреттүү ишке аша турган кадамдар, идеялар жокко эсе дейт ал.
“Көпчүлүгүнүн программалары ишке ашпай турган жалпыланган эле сөздөр. Ал эми саясий партиялардын бири программасында “биз бул нерселерди ишке ашыруу үчүн Конституцияны өзгөртүү керек” деп коюптур. Азыр Баш мыйзам өзгөрдү. Демек, бул партия өткөн шайлоого жазган эски программасын эле кайра оңдоп-түзөбөй эле көтөрүп чыккан. Анан калса, Ош шаарындагы кайсыл бир маселени чечүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүнүн деле түз таасири жоктур”.
Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого тогуз партия - "Ынтымак", "Улуу Журт", "Бир Бол", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата-Журт - Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Келечек-Будущее", "Нур" жана "Биздин Кыргызстан" катышууда.
Активист Акылай Каримова бул жолку шайлоодо деле административдик ресурс жана акча негизги ролду ойнойт деген пикирде. Кайра өткөрүлүп жаткан шайлоо деле таза, акыйкат өтөт дегенге ишеним аз.
“Талапкерлер арасында эмгеги сиңген, элге таанымалы жок болсо, анда эл булардын эмнесин шайлашы керек? Ошондуктан булар акча таратышат. Мунсуз шайлоо өтпөчүдөй болуп калды. Себеби, ушундай шартты түзүп алышты”.
Четтетилген талапкерлер кайра катышууда
20-июнда Ош шаардык шайлоо комиссиясы тогуз партиянын 76 талапкерин шайлоодон четтетүү чечимин чыгарган.
Комиссиясынын ошол кездеги төрагасы Кушубак Ныязбеков чечимдин себебин талапкерлердин тиешелүү документтери толук болбой калгандыгы менен түшүндүргөн.
"Тогуз партиядан 763 талапкер катталган. Анын ичинен 76 талапкердин документтери толук болбой жана башка ар кандай себептер менен шайлоодон четтетилди. 76 талапкердин ичинен мурунку шайлоодо мыйзам бузганы үчүн 14 талапкер тизмеден чыгарылды".
Ныязбеков жогорудагы 14 талапкердин аты-жөнү расмий жарыяланарын билдирген. Төрага эртеси маалыматын оңдоп жарыялады. 76 талапкердин алтоо кайра катышууга мүмкүнчүлүк алып, мурдагы шайлоодо мыйзам бузганы айтылган 14 талапкердин ичинен 10 кишиге кайра шайлоого катышууга уруксат берилди. Башкача айтканда, төрт адамга шайлоого катышууга тыюу салынган. Ал эми жаңы партиялардан катталган эки талапкер да мыйзамсыз аракеттери үчүн тизмеден чыгарылган.
"Бул жерде биз биринчи 14 деп жазган элек. Ага соттон "соттолду же иш козголду" деп чечим чыгышы керек экен. Андай жок болгондуктан 10 талапкерди кайра тизмеге коштук. Төртөө тизмеден чыгарылган боюнча калды. Калганы боюнча укук коргоо органдарына кат жөнөттүк".
Бир эле учурда эки башка чечимдин чыгышы шайлоого катышып жаткан партияларды нааразылыгын жаратты. 21-июнь күнү "Улуу-Журт", "Бүтүн-Кыргызстан", "Бир Бол", "Улуттар Биримдиги" "Келечек-Будущее" саясий партиялары чүчүкулак тартууга катышпай койгон. Мындан улам чүчүкулак тартуу 22-июнда өткөрүлдү.
Андан көп өтпөй эле 25-июнда Кушубак Ныязбеков кызматтан алынып, анын ордуна Урмат Аттокуров дайындалды.
2-июлга карата Ош аймактык шайлоо комиссиясына 18 арыз келип түшкөн. Арыздардын басымдуу бөлүгү көрнөк-жарнактар жана үгүт ишиндеги эреже бузууларга байланыштуу.
“Бизге азыр 18 арыз келди. Аларды карап чыгып, тийиштүү чечимдерди берип жатабыз. Биз чече албаган маселелерди укук коргоо органдарына беребиз. Админресурс боюнча арыз түшө элек. Бүгүн 2-июль болсо ушул күнгө чейин мэрия же башка муниципалдык кызматтар тарабынан админресурс колдонгон учур боло элек”, - деди Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы дайындалган төрагасы Урмат Аттокуров.
Ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам бузуулар тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган эле. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлда өтөт.
Дагы караңыз Парламент БШКнын мүчөлөрүн шашылыш бекитти