Кыргызстанда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Акылбек Эшимовдун кармалышы коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Атайын кызмат ал былтыркы парламенттик шайлоодо талапкерди тизмеге киргизүү үчүн бир партиянын лидери менен чогуу жарым миллион доллар акча алган деп шектелип жатканын билдирди.
Бул жагдай саясий коррупциянын деңгээлин жана көшөгө артындагы оюндарды көрсөтүп жаткан жокпу? Ошол эле маалда шайлоо алдында комиссиянын курамын өзгөртүү, коркутуу максаты эмеспи?,-деп суроо салгандар болууда.
Айыптоо жана комментарийлер
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) БШКнын мүчөсүн кармоо операциясы жалпы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында жүргөнүн маалымдады. Мекеме кармалган адамдын жана ага карата арыз жазган кишинин аты-жөндөрүнүн инициалдарын гана жарыялады.
Атайын кызматтын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева “Азаттыкка” иштин мазмунун мындайча түшүндүрдү:
“А.Д. аттуу жаран УКМКга арыз менен кайрылып, БШКнын А.Э. аттуу мүчөсүнө чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Даттануучу өз арызында комиссиясынын мүчөсү “Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин бири менен чогуу 2020-жылдын июнь айында андан 550 миң доллар акча каражатын алып, ушул жылдын күз айларындагы парламенттик шайлоодо партиянын талапкерлеринин тизмесинде биринчи бештикке киргизип берүүнү убада кылганын жазган. Бирок белгиленген адамдар берген милдеттемесин аткарбай, болгон сумманын ичинен 300 миң долларын А.Д. аттуу жаранга кайтарып беришип, 250 миң долларды өздөрүнө ыйгарып алышкан. Натыйжада даттануучуга ири суммада залал келтиришкен”,-деди ал.
УКМК билдиргендей, БШКнын мүчөсүнө Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-пункту (“Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык”) менен айып тагылды. Анын бөгөт чарасын караган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тергөө аяктаганча, 11-ноябрга чейин камакка алды.
Борбордук шайлоо комиссиясында 12 эле мүчө бар. УКМК шектүүнүн атын кыскартып келтиргени менен Акылбек Эшимов экени дароо эле белгилүү болду. Бул боюнча БШК билдирүү таратты.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БШК мүчөсү А.Ж. Эшимовдун “Алдамчылык” беренеси менен кылмышка шектүү катары кармалуусу боюнча төмөнкүлөрдү билдирет: Партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укугуна кирбейт. Партиялардын мындай маселелерди чечүүсүнө кийлигишкенге БШКнын укугу жок, кийлигишпейт. Шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү маселеси партиянын гана ички компетенциясына кирет. Партиялар шайлоого талапкерлердин тизмесин өз алдынча түзөт жана өз съездинде бекитет. Демек, укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жагдайдын БШК ишмердигинин маселелерине эч кандай тиешеси жок. БШК компетенттүү органдар тарабынан объективдүү жана калыс иликтөө жүргүзүлөт деп ишенет”,-деп белгиленет билдирүүдө.
Акылбек Эшимовдун адвокаты анын позициясын журналисттерге айта элек. Азырынча “Кыргызстан” партиясы Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү тараткан жок.
Партиянын лидери Канатбек Исаев “Кактус медиа” басылмасына кыскача пикирин айтып, “мында шайлоого тиешелүү маселе жок” деп билдирген.
"Менин билишимче, бул иш кыймылсыз мүлктү алып-сатуу боюнча жарандык-укуктук келишимге байланыштуу болчу. Ага партиянын эч кандай тиешеси жок”,-деген Исаев.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы 102 кишинин тизмесин берген. Аны талдап көрсөк, УКМК келтирген даттануучунун А.Д. аттуу инициалы 37-номердеги Акуналы Досалиевдин ысымына туура келет. “Азаттык” аны менен байланышкан учурда Досалиев Эшимовдун үстүнөн арыз жазганын төгүндөп, комментарий бере албай турганын айтты.
Аталган шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде алдыңкы бештикте Канатбек Исаев, Талант Мамытов, Нурбек Алимбеков, Наталья Кулматова, Турсунбек Азизбеков барган. Башка белгилүүлөрдөн экс-спикер Дастан Жумабеков 7-орунда, партиянын башка лидерлеринин бири Шаршенбек Абдыкеримов 9-орунда жарышка катышкан эле.
Кармоонун саясий өңүтү
Акылбек Эшимов 45 жашта, Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Ош технологиялык университетин аяктап, типография тармагында эмгектенген. 2010-жылы “Республика” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
2016-жылы коалициялык көпчүлүк сунуштаган талапкерлердин катарында БШКнын мүчөлүгүнө биринчи жолу шайланган. Комиссия быйыл июнда куралганда парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын атынан көрсөтүлүп, кайра мүчөлүккө бекиген.
Сасий чөйрөдө Эшимов ишкер, “Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Шаршенбек Абдыкеримовдун өкүл баласы экенин айтып жүрүшөт. Ушундан улам да анын кармалышынын өңүтүн башка бир нукка бургандар да бар.
Саясатчы Адил Турдукулов мындайча талдоосу менен бөлүштү:
“Шайлоо аукцион болгону мурдатан эле белгилүү болчу. Ошондуктан ар бир шайлоодо “олигархиялык партиялар” утуп чыгып, алардын курамында көбүнчө акчалуу, капчыктуу адамдар гана депутат болуп жатат. Партиялардын алдыңкы орундары 500 миң доллардан 1 миллион долларга чейин жетерин көрүп-билип жүргөнбүз. Соңку кармоо мына ошону далилдеп жатат. Бул көрүнүш бир эле “Кыргызстан” партиясына эле эмес, башка партияларга да мүнөздүү. Ошол себептүү менде бул жерде кандайдыр бир тандалма саясат жүргүзүлгөн жокпу деген күдүк ой кетип жатат. Балким, бийликке альтернативалык күч болуп жаткан топту нейтралдаштыруу, алсыздандыруу максаты да болушу мүмкүн. Анткени партиянын тизмесине БШКнын мүчөсү таасир этпей турганы түшүнүктүү да. Мүмкүн ал аркылуу ошол партиянын лидерлерине таасир этүү аракети тургандыр”.
Албетте, БШК мүчөсүнүн акча алууга айыпталып кармалышы, айтылган сумманын ири көлөмү коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.
Ошол эле кезде өлкөдөгү бардык шайлоолорду өткөргөн мекеменин мүчөсүнүн кириптер болушу дагы көпчүлүктүн көңүлүн бурган суроо болуп калды. Айрымдар муну менен комиссиянын курамын өзгөртүү, тагыраагы башка адамдарды киргизүү же мүчөлөрдү коркутуу максаты турат деп жоромолдошууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн телеграм-каналында окуяны мындайча баалады:
“Биринчиден, БШКнын мүчөсү партиядагы орундарга таасир эте албайт. Экинчиден, акчаны ким алган болсо, ошол киши жооп бериш керек го. Балким, Акылбек Эшимов эски тааныш катары, адамдарды жолуктуруп койгон, алар өз ара келишип алышкан. Андай болсо, акчаны алган киши кармалыш керек. Мен ортомчулукту деле туура эмес деп эсептейм. Бирок Эшимов акыркы мезгилдери бир мандаттуу округдар боюнча алектенип жаткан. Алар боюнча чатактар көп да, бул нерсе ошо менен байланыштуубу же жокпу, билбейм. Бирок жалпы жонунан шайлоо БШКнын мүчөсүн УКМКнын тергөө абагына эки айга камоо менен башталып жатканы өкүнүчтүү. БШКнын башка мүчөлөрүнүн үшүн алып коюшту. Бул өтө жаман нерсе”,-деген эл өкүлү.
Быйылкы парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жалпы өлкө боюнча бир округ катары каралган партиялык система боюнча 75 партия арыз берген. Бир мандаттуу округдарга арыздарды кабыл алуу эми башталды. Ага талапкерлердин документтери 18-октябрга чейин кабыл алынат.
Бул аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү түрдүү багыттагы чечимдерди кабыл алышат. Бир мүчөнүн келбей калышы аларга таасир этпейби? Бул суроого БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеевден жооп сурадык:
“Мыйзам боюнча адамды сот гана күнөөлүү деп табат эмеспи. Ошондуктан сот кандайдыр бир чечим кабыл алгыча эч кандай өзгөрүүлөр каралбайт. Эгер сот аны күнөөлүү деп таба турган болсо гана анын ордуна байланыштуу маселелер каралат. Анын жоктугу биздин чечимдерди кабыл алууга таасир этпейт. БШКнын мүчөлөрүнүн теңинен көбү, тагыраагы 7 киши добуш берсе чечимдер кабыл алына берет”.
Быйыл кабыл алынган Конституцияга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн алтоону президент, алтоону парламент сунуштай турган болуп калган.
Демек, Нуржан Шайлдабекова, Нурлан Койчукеев, Марс Наспеков, Анар Дубанбаева, Акбалык Жумалиева жана Айдана Жупуеваны президент Садыр Жапаров көрсөткөн. Абдыжапар Бекматов “Бир Бол” фракциясынан, Искендер Гаипкулов “Ата Мекен” фракциясынан, Акылбек Эшимов “Кыргызстан” фракциясынан, Тынчтыкбек Шайназаров "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан, Узарбек Жылкыбаев КСДП фракциясынан, жана Кайрат Маматов “Республика - Ата Журт” фракциясынан сунушталган. Жаңы курам боюнча чечимди Жогорку Кеңеш 30-июнда кабыл алган.