«Вотсап» аркылуу «Ала-Букада «Биримдик» партиясынан талапкер Ферузахон Исмайилова добуш сатып алууда» деген аталыштагы видео тасма тарап, анда ага түспөлдөш адам бир үйдүн короосунда, бир топ адамдын катышуусунда башка бир белгисиз адамга акча берип жатканы тартылган. Тасмада оорукчан адамды дарылоого жөнөтүү үчүн күбөлөрдүн көзүнчө талапкер акчалай жардам берип жатканы көрсөтүлгөн.
«Биримдик» партиясынан талапкер Ферузахон Исмайиловага окшош адам берилген 40 миң сомдун шайлоого эч кандай тиешеси жоктугун айтып, акчаны садага катары сыпаттаган:
«Бул акчанын берилиши кайыр-садага. Анын шайлоого эч кандай байланышы жок. Өзүңүз күбө, анан бул жердеги балдар күбө болушат. Дарыланууга 40 миң сом кетет экен. Ошонун азыр биринчисин баштадык. Келечекте да жардам беребиз. Бишкекке эртең кете бересиз. Сиздер ишене бериңиздер. Бизге ал каякка барса дагы боло берет. Ошто Түштүк аймагы боюнча боор ооруларын караган эң мыкты кесипкөй гепатолог бар. Ошого барсаңыз да болот берет. Сиз өзүңүз кимге баргыңыз келсе, ошого барыңыз».
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Тасмадагы адам «Биримдик» партиясынан талапкер Ферузахон Исмайилова экенин ал өзү «Азаттыкка» ырастады. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен талапкерлердин партиялык тизмелерин караганда, Ферузахон Исмайилова «Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн тизмеде №56 талапкер экени көрсөтүлгөн.
Ферузахон Исмайилова Ала-Букадагы «Носыралы» жеке медициналык борборунун башкы дарыгери. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан №110 талапкер катары катталып, аталган партиянын тизмесинде №9 болуп, бул аймактан ат салышып, кийин депутат болгон Исхак Пирматовду алдыга сүрөп, «дублер-талапкер» катары таанылган.
Депутаттыкка талапкер Ферузахон Исмайилова бул иш өлүм менен өмүрдүн ортосундагы маселе болгондуктан оор абалдагы жердешине акчалай жардам берүүгө аргасыз болгонун айтты:
«Ал жигит менин пациентим. Буга чейин аны дайыма өзүм карап жүргөм. Бирок кийин менин күчүм жетпей калды. Анткени анын организми биздеги дарыны тоготпой, баш тарта баштады. Ал буга чейин бир топ дарыланып жүрүп, бирок бул жолу шарты болбой калганынан туугандары “акчабыз жок, эч жакка барып дарылата албай калдык, соопчулук үчүн” деп бизден жардам сурап келишкен. Анын үй шартын карап, керек болсо тамак-ашы начар, аябай жакыр үй-бүлө экенин көрүп туруп, андан баш тарта алган эмесмин. Мен аны өзүбүздүн борбордо бир курс дарылап, бирок жыйынтык бербеди. Кийин анын абалы оорлошуп кеткен экен. Ошондуктан мен ага борбордогу же Оштогу кайсы ооруканага, кайсы врачка барышына чейин сунуштадым. Ошону видеого тартып, чыгарып жиберишиптир».
Дагы караңыз Шайлоо камы же Жазы-Кечүүдөгү жарыктын «жардамы»Ал эми "Вотсап" аркылуу тараган экинчи тасмада «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер Ферузахон Исмайилова окуучу кызга смартфон белек кылып, онлайн сабактарга үзбөй катышып, «окууга жакшы даярдан» деген каалоосун узаткан.
Талапкер Исмайилова өспүрүм кыз ата-энесинен эрте ажырап, оор турмушту башынан өткөрүп, сабактарга катыша албай келгенин жана ага шайлоо өнөктүгүнөн мурун эле жардам берилгенин кошумчалады. Анын айтымында, тасмага тартылган бул эки окуя тең Ала-Буканын Достук айылында болгон.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Тургуналы Боромбаев тасмадагы бул эки иш тең кылдат териштирилип, тиешелүү чечим чыга турганын билдирди:
«Бул тууралуу жаңы эле маалымат алдым. Мен азыр прокуратурага чалам. Биздин комиссияда ыкчам чара көрүү боюнча атайын жумушчу топ бар. Ошол жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте бул иштерди териштирип чыгабыз. Ошол видеону кимдер тартканын көрүп туруп анан ага баа бербесек, азырынча эч нерсе айта албайбыз. Мүмкүн кимдир-бирөөлөр бул видеону шантаж үчүн тартып алып, жөнөтүп, таратып жатабы, ал жагын азырынча түшүнө албай турабыз. Бирок мыйзамга ылайык, саясий партиялар шайлоого катышуу ниетин билдирген күндөн тартып талапкерлер соопчулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок».
Талапкердин кайрымдуулук фондунан дарыланууга каржылык жардам сураган оорукчан жигиттин туугандарынын бири Фарход Атабаев бул иш шайлоо өнөктүгүнө чейин болгонун айтты:
«Ал жигиттин боору катуу ооруйт. Үч баласы бар. Эч кандай иш кыла албайт. Шарты абдан оор. Кан кусуп жибергенде, тууган-уруктар менен келишип, ошого жардам сураганбыз. Биз деле акча топтодук. Бирок, анда деле болбоду. Акыры Феруза эжеге кайрылууга туура келди. Аны мурда ал өзү дарылап жүргөн эле. Анын кайрымдуулук фондунан жардам беришин суранып, биз өзүбүз бардык эле. Бул окуя шайлоого чейин эле болгон. Ал видеону оорукчан жигиттин келинчеги «ушундай жардам берилип жатат» деп жакшы ниетте эле тарткан экен. Анын телефонунан тасма башкаларга таркап кетиптир».
Талапкер менен партиянын жоопкерчилиги
Талапкердин кайрымдуулук ишине байланышкан чуулгандуу тасма боюнча ишти алгач аймактык шайлоо комиссиясы карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат. Андан соң бул боюнча маселе БШКда да көтөрүлүшү мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова муну одоно мыйзам бузуу катары карап, бул үчүн талапкердин жана тиешелүү партиянын жоопкерчилигин кароо керек деп эсептейт:
«Мында талапкер катталган күндөн эмес, талапкер катары көрсөтүлгөн убакыттан баштап, ар кандай соопчулук иштерин жана кайрымдуулук кылганга акысы жок. Ошондуктан укук коргоо органдары бул окуя кайсы күнү болгонун аныктап чыгышы зарыл. 19-августтан баштап талапкерлерди көрсөтүү болду. Мыйзамда «талапкерлер жана саясий партиялар кайрымдуулук иштерин жасаганга болбойт» деп так жазылган. Албетте, кайсы гана учур болбосун, бардыгыбыздын боорубуз ооруп, муктаж адамдарга жардам бергибиз келип турат. Бирок шайлоо деген өзгөчө жараян. Мыйзамдуулукту сактоого тийишпиз. Ошондуктан мыйзам чегинде иш алып баралы десек, мындай талапкердин каттоосун жокко чыгарып, тиешелүү партиянын да жоопкерчилигин карашыбыз абзел».
Дагы караңыз Добуш сатуунун көйгөйү көкөй кестиМыйзамдарга ылайык, шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо штабдарына, тизмедеги Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге, алардын ишенимдүү өкүлдөрүнө жана талапкерлердин жакындарына кайрымдуулук иштерин жүргүзгөнгө тыюу салынат.
Мыйзамда шайлоо алдын саясий өнөктүк маалындагы кайрымдуулук иштери шайлоочулардын добуштарын сатып алууга барабар жоосун катары каралып, бул үчүн иштин оордугуна жараша, административдик жаза чарасы жана кылмыш жоопкерчилиги каралган.