Шайлоого жакын тизмеден ыргыган аялдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен дароо тогуз киши чыгып кетти. Алардын ичинен сегизи аял. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. “Азаттык” келе жаткан шайлоого партиялардан аттанган аял талапкерлердин санына кызыкты.