Борбор Азия кантип ынтымактуу коом кура алат?

Бул мамлекеттердеги калктар улутуна карабай, кантип өз мамлекетинин толук кандуу атуулуна айланат?
Бул суроолорго 19 майда Бишкекте өткөн «Борбордук Азиянын көп этностуу коомунун маселелери: Көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн болжолдору» аттуу эл аралык жыйында жооп изделди.

Көп этностуу калайык

Эл аралык илимий жыйындын уюштуруучуларынын бири-“Кыргыз Тарых Коому” эл аралык бирикмесинин президенти Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, этностор аралык мамиле жалпы чөлкөмгө таандык көйгөй.

- Борбордук Азиядагы бардык мамлекеттер полиэтностук мамлекеттер болуп саналат. Баарын тең эле унитардык деп айта албайбыз. Анткени, мисалы Өзбекстанда Каракалпакстан автономиялык жумурият катары сакталып келатат. Ал эми Тажикстанда айрым улуттук азчылыктар улуттук азчылык катары укуктарга ээ. Ал эми Казакстандын аймагын да ар улуттун өкүлдөрү, анын ичинде орустар жана башкалар байырлашат.

Борбордук Азия мамлекеттеринде жүздөй улуттун өкүлдөрү жашайт. Окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегиндин белгилешинче, ар бир улуттун өкүлү өз мамлекетинин толук кандуу жараны катары анын өнүгүшү үчүн жан үрөгөндө гана өлкөнүн келечеги болот.

- Мамлекетти түптөгөн түпкү улут гана мамлекет үчүн күрөшкөн болсо, анда ал мамлекеттин болочогу бүдөмүк болуп калышы мүмкүн. Улуттардын бардыгы тең мамлекетке өздөрүнүн атуулдук милдетин өтөп, кызмат кылышы керек. Ошого жетиш үчүн бул мамлекеттерде “көп этностуу калайык үчүн” деген саясат болушу зарыл.

Талашы арбын Фергана

Окмуштуулар этностордун гана эмес, чөлкөмдөгү мамлекеттердин ортосунда да узак жылдардан бери чечилбеген проблемалар арбын экенин эскертүүдө. Айрыкча, Фергана өрөөнү өзгөчө чыр-чатактардын очогу болуп келатканын тарыхчы, “Диалог-Евразия” платформасынын кыргыз улуттук кеңешинин төрагасы Асан Ормушев белгиледи.

- Биринчи чек ара жана бажы маселелери, күнүмдүк соода байланыштарын жүргүзүп турган иштерде проблемалар бар. Мындан тышкары, суу маселеси. Бул дайыма жаздан күзгө чейин кыргыз, өзбек, тажик мамлекеттеринин жана улуттарынын ортосундагы талаш-тартыштарга себепкер.

Кыргызстан жаңжалдан сабак алдыбы?

Окмуштуулардын этностор аралык мамилени чыңдоодогу изилдөөлөрү жана сунуштары, айрыкча эгемендик жылдары эки ирет кандуу булоонду башынан кечирген Кыргызстан үчүн баа жеткис экендиги талашсыз. Бирок кыргыз бийлиги 2010-жылдагы окуядан сабак алган жок, андан бери да улут аралык мамилени чыңдоо боюнча алгылыктуу иштерди жасабады деп сындагандар бар.

Саясат таануучу Аалыбек Акунов да ушундай пикирде.

- Улуттар аралык мамиле боюнча Кыргызстанда мамлекеттик саясат жок. Ошон үчүн эмне кыларын билбей эле ар кайсыны айтып жатат. 90-жылдары 300дөн ашык адамдын каны төгүлгөн. Бирок жыйырма жылда мамлекет эч нерсе кылган жок, же бир мыйзам кабыл алынган эмес. Азыр айтып жатышпайбы, концепция иштеп жатабыз деп. Эч кандай концепция жок. Бул концепция мамлекеттики эмес, ал Кыргызстан калкы ассамблеясынын концепциясы.

Бирок расмий бийлик өкүлдөрү кыргыз-өзбек ортосунда орун алган улут аралык жаңжалдан бери эки элди жараштыруу үчүн көп эмгек жумшалганын белгилөөдө.

Президентик аппараттын дин жана этностук саясат боюнча бөлүм башчысынын орун басары Аблабек Асанканов чочулоолорду четке какты.

- Жарандардын же балдардын ортосунда чыр-чатактар чыгып калышы мүмкүн. Эми андайлар болбосун деп мамлекет бүт күчүн жумшап жатат. Бирок масштабдуу, атап айтсак 2010-жылдагыдай, же 1990-жылдагыдай чатак чыга тургандай шарттар, негиздер жок. Буйруса, андайлар болбойт.

Этностук мамиледе маалыматтын орду

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын да улут аралык мамилеге тийгизген таасири чоң экендиги белгилүү. Илимий жыйында сүйлөгөндөр дүйнөдө жалган кабардын айынан жүздөгөн адамдар бейкүнөө набыт болгон окуяларды мисал тартты.

“Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын” кыргыз, казак, өзбек кызматтарынын мурдагы деректири, доктор Чарлз Карлсон өз тажрыйбасынан улам буларга токтолду:

- Экстремисттер, ал түгүл айрым полиция жана бийлик өкүлдөрү маалыматтарды өз билгенинче бурмалап, өтө аяр мамиле талап кылган суроолорду тескерисинче сыпаттап бериши ыктымал. Мындан улам кабарчылар маалыматтарды эч бир көбүртүп-жабыртпашы керек жана кабарды шыкакчыл маанайды эч качан баяндабашы зарыл.

Бул эл аралык илимий жыйын кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын 75 жылдык мааракесине арналып өткөрүлдү. Ал Кыргызстандагы улуттардын этно-маданий баалуулуктарын, Баткендеги шахталарда иштеген түрдүү этнос өкүлдөрүнүн турмуш тиричилигин алгачкылардан болуп изилдеген. Бул илимий конференцияга Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Тажикстан жана Түштүк Кореядан келген окумуштуулар да катышты.