Сузак: селден жабыркагандар үйлүү болушту
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сузакта былтыр июнь айындагы селден улам турак жайсыз калган сегиз үй-бүлө жаңы үйлүү болушту. Алар бир жарым жыл бою ар кандай шартта, айрымдары вагондо, кээ бирлери башкалардын үйлөрүндө баш калкалап келишкен. Курулуш иштери элден чогулган жана мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 12 миллион сомго бүттү.